Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Кыргызстандын түштүгүндөгү чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөдө


БИШКЕК. Кыргызстандын чекара кызматында Ташкенде үстүбүздөгү аптада орун алган жардыруулардан кийин киргизилген күчөтүлгөн тартип улантылууда. Бул тууралуу бүгүн чекара кызматынан маалымдашты. Өзбекстанда болгон жардырууларга байланыштуу чекара кызматынын төрагасынын буйругу менен өлкөнүн түштүк аймагындагы Өзбекстан менен чектеш жерлердеги, тактап айтканда Ош, Жалалабат, Баткен, Хайдаркен жана Лейлек чекара отряддары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрүлгөн. Чекара бекеттеринде документтерди, автоунааларды текшерүүлөр күчөтүлгөн. Чекара кызматынан маалымдашкандай, мындай тартипте иштөөнүн мөөнөтү Өзбекстандагы абалдын турукташуусуна байланыштуу болот. Кыргызстандын түндүк чекара отряддарында күчөтүлгөн тартип киргизилген эмес.

XS
SM
MD
LG