Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Таласта такташып жатышат


ТАЛАС. Талас шаардык прокуратурасынан 5-апрель күнү алынган маалыматка караганда, таңдайы жок төрөлгөн балдарга жардам берүүчү "Айбек" кайрымдуулук фонду менен байланышкан уюшкан топтун финансылык көз боёмочулугуна байланыштуу кылмыш ишин Жогорку сот кайра тергөөгө жөнөттү. «Бул иштин артында жогорку кызмат адамдары тургандыгы адилет сот өкүмүн чыгарууга тоскоол болуп жатат» дешти шаардык прокуратурадан. «Шаардык финансы бөлүмү майып балдарга 56 миң сомдук бир жолку жардам берилсин» деген шаардык кеңештин чечимине таянып алып, менчик фондго 434 миң сомдук бюджеттик каражатты бөлүп-бөлүп берип турган. Бул иш боюнча 54 жооптуу кызматкер күбөгө өтүп, 5 адамга тийиштүү беренелер боюнча айып тагылган эле.

XS
SM
MD
LG