Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Ошто молдолор жыйыны өттү


ОШ. 5-апрелде Кыргызстан муфтийи Мураталы ажы Жуманов жергиликтүү имамдардын катышуусу менен Ош шаарында кеңешме өткөрдү. Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын түштүк өкүлчүлүгүндө Азирети ажы муфтий Мураталы Жуманов Ош облустук, шаардык казы башчылары, бардык райондордун имамдары, дин кызматкерлеринин катышуусунда Өзбекстанда болуп өткөн террордук коогалаңдарга байланыштуу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге облустук ички иштер башкармалыгынын, коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана республикалык дин иштери боюнча комиссиянын өкүлдөрү катышышты. Муфтий Мураталы Жумановдун айтымында, Ош облусу жана жалпы эле түштүк аймагы Өзбекстан менен чектеш болгондуктан кооптуу аймак катары саналат. Ошондуктан ар кандай диний экстремисстик аракеттердин алдын алуу максатында бул аймактын имамдарын жана дин кызматкерлерин эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG