Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

БИЛИМ СУРАБАЙ, АКЧА СУРАГАН МЕКТЕПТЕР, ШЫЛТООГО ШЫНА, КЫТАЙ КҮРҮЧҮНҮН КҮРМӨГҮ


Кабыл Макеш, Бишкек шаары 6-апрелде чыга турган “Агым” басылмасында өлкөнүн социалдык фондусундагы көз бойомочулуктар сынга алынат. Ал эми “Аалам” басылмасы өлкө парламенттик башкарууга өтүшү мүмкүнбү? 2005- жылкы шайлоолор кандай маанайда болоорун талдоого алат. Шейшемби күндө чыгуучу “Дил ордосу” басылмасы өлкөдөгү бүгүнкү бийлик сересиндегилер же Аскар Акаев жана анын командасы жөнүндө сөз козгойт.

6-апрелде чыгууга даярдалып жаткан “Агым” басылмасында кабарчы Мамат Карабаевдин “Революция канча турат, аны Жорж Сорос жакшы билет” деген макаласына орун берилүүдө. Ошондой эле социалдык фонддун Ош, Жалалабад, Баткен обулустары боюнча инспекциясынын мурдакы жооптуу кызматкери Бердибек Апышевдин Сузак районудагы 1998-жылдан 2001-жылга чейинки убакта 3 миллион 525 миң сомдук төлөмдөр жашырылып, кириштелбей келгенин ачыкка чыгарган макаласы жарыяланып жатат.

Ушул эле басылмада дагы кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- Гезитибиздин жаңы санын «Каалга» рубрикасы менен ачып жатабыз. Экинчи, үчүнчү беттерде саясат, дүйнө жаңылыктары. Окурмандардын каттарынан түзүлгөн «Бомбейкат» рубрикасынын алдында материалдар чыгууда. Журналист Жамила Таштанбекованын «Билим сурабай, акча сураган мектептер» деген макаласы ата-энелердин арыздарынын негизинде жазылган. Андан сырткары спорт, маданият жаңылыктары бар.

Ошондой эле шейшемби күнгө басууга даярдалып жаткан “Аалам” басылмасында журналист Кенжебек Арыкбаевдин “Жол ачкыла” деген саясый аналитикалык макаласында “сүрдүү жана үмүттүү көрүнгөн 2005-жылдагы шайлоолор, өлкө келечектеги шайлоонун шарапаты менен президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүшү мүмкүндүгү” талдоого алынат. «Аалам» гезитинин жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу басылманын баш редакторунун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай дейт:

- Биздин эртеңки гезитибиздин жаңы санында баяндамачы Кенжалы Сарымсаковдун «Банкроттук аргасыздыктанбы же амал менен жасалуудабы?» деген аналитикалык макаласына орун берилип жатат. Аталган макалада айыл-чарбасындагы трактор, комбайн жана башка жабдууларды банкротко шылтоолоп, текейден арзанга чыгарып, талап-тоноолор жөнүндө кеп болот. Ошондой эле баяндамачы Үсөнбек Дайырбековдун «Каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң» деген темадагы макаласында жакында болуп өткөн президент Аскар Акаевдин Жогорку Кеңештин 2 палатасына кайрылуусунан пайда болгон ойлорун ортого салат. Мындан сырткары Феликс Куловду 10 жылга соттоо тууралуу өкүм чыгарган Биринчи май райондук соттун төрагасы Аскат Сыдыковду Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары өткөрбөй коюшту деген макалада жарыяланып жатат.

6-апрелдеги “Дил ордосу” басылмасы өлкөдө президент Аскар Акаевдин бийликке келишин, демократиянын алгачкы желаргысын, катаал капитализмдин киришин, кадр саясатынын күңгөй- тескейлерин талдоого алат.

Дүйшөмбүдөгү “Вечерний Бишкек” басылмасында Казакстанда Кытайдан алынып келиген күрүчтү сатууга тыюу салынганы, анын курамында темирге бай туздардын жана коргошундун нормадан көп экендигин аныкталганы жазылып, Кыргызстанга Кытайдан келген күрүчтөр жана башка азыктарды текшерүү башталганы кабарланат.

Ушул басылманын кабарчысы Данияр Каримов өлкөнүн атуулдары үчүн Шериктеш мамлекеттерге жана чет өлкөлөргө виза алуунун көйгөйлөрү тууралуу кеп салат. “Коңшу Өзбекстанга виза бир айга, алты айга жана бир жылга берилип, аны алуунун наркы 4 доллардан 20 долларга чейин болсо да далдалчылар бааны көтөрүүдө. Ошондуктан Өзбекстан Ош шаарына консулдук бөлүмүн ачса, элге ыңгайлуу болмок” дейт автор.
XS
SM
MD
LG