- Кайдарбек мырза, сиздин лирикалык обондоруңуздун ичинен "Акынды сүйсөң" аттуу каалгыган жай жүрүштөгү, муңайынкы маанайдагы ырыңыз обондуулугу, назиктүүлүгү, ошондой эле аткаруучулук жагынан да бөтөнчө айырмаланат экен. Бул обонуңузду кандай жагдайда, кимдерге арнап чыгардыңыз эле?
- Кыргыз акындарынын көбү менен баардашып көрсөң, кандайдыр бир алардын мүнөздөрү аябай жумшак. Өзүңүз жакшы билгендей, акынсыз обончу обон чыгара албайт. Ырас, арабызда сөзүн да, обонун да өзү чыгарып, өзү аткарып жүргөндөр бар. Бирок ошондой болсо да обончулардын көпчүлүгү акындарга кайрылышат. Алар менен иштешет. Азыркы кыргыздардын ыр чыгармачылыгына карап көрсөм акындарга арналган обондор жок экен. Ошон үчүн акындарга арнап обон чыгарып көрөйүн деп, ойлоп акын Гүлжамыйла Шакированын жумшак, назик маанайдагы "Акынды сүйсөң" деген ырына обон чыгардым.
- Ырахмат Кайдарбек мырза. Өзүңүз менен бирге анда "Акынды сүйсөң" аттуу ырыңызды белгилүү ырчы Гүлзат Байзакованын аткаруусунда угалы.