Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

ОЮНДАН ЧЫККАН МИНИСТР, МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫ – КОШ ТИЛ ЖАРЛЫГЫ, ИШЕМБИЛИК


Мезгилдүү басылмаларда мамлекеттик тил мыйзамы, кош тилди өнүктүрүү чараларына арналган мамлекет башчысынын жарлыгы жарыяланды. Кыргыз гезиттеринде президент баш болгон аткаминерлер өткөн аптанын соңунда ишембиликке чыгышканы, акимчиликте коллегия жыйыны өткөнү баяндалды. Социализм тушунда, эгемендик заманында жооптуу кызматтарда жүргөн Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана тышкы соода министринин милдетин аткаруучу Амангелди Муралиевдин парламент сынынан өтпөй калышы аркыл ой-пикирлерди жаратты.

Мамлекеттик тил мыйзамы менен кош тилди өнүктүрүү жөнүндө президенттин жарлыгын шейшембидеги “Эркинтоо” гезити жарыялады. Мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзам 36 беренеден турат. Анда негизинен кыргыз-орус тилдерин эриш-аркак пайдалануу талабы сакталган. Мыйзамдын 7-беренесинде ырасмий бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруучу уюм, мекемелердин иши кыргыз тилинде, зарыл учурда орус тилинде жүргүзүлөөрү аныкталган. 9-беренесинде мамлекеттик кызматчылар кыргыз тилин кызматтык милдетин кыйналбай аткаруу үчүн сөзсүз билиш зарылдыгы ырасталган. Мыйзамдын 35-беренесинде мыйзам жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирээри жазылган.

Президенттин кош тилди өнүктүрүү боюнча жарлыгында мыйзамдын 9-беренеси - мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүшү 2015-жылга чейин жылдырылган. Мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билишин талап кылган 9-берене 2007-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизилээри аныкталган.

Мына ушул темага арналган материалдар топтомун, “Кыргызстан аба жолдорунун” иши тууралуу аңгеме-дүкөндү шейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезити да жарыялады.

Мамлекеттик тил мыйзамы менен кош тилди өнүктүрүү жарлыгына токтолгон Чолпонбек Абыкеев “Аалам” гезитинде: “Азыркы бийлик: “Мен турганда тигил жагыңа да, бул жагыңа да жаман көрүнбөйүн. Менден кийин бириң өлүп, бириң кал” деген күнүмдүк жан сактаган саясат жүргүзүп жатат”, деп жазды.

“Президент Аскар Акаев көпчүлүктүн көз алдында ушинтип бул эки баалуу документке салтанаттуу түрдө кол койду. Президент сыяктуу эле бул аземдин күбөлөрүнүн жүздөрүнөн да зор толкундануу сезилип турду. Аземдин жабылышында анын катышуучулары башка учурлардан айырмаланып Гимнди тегиз үн чыгара созуп ырдап турушту” , дейт “Эркинтоо” гезитинин кабарчысы Б.Турдалиева “Улуттук тарыхыбыздагы унутулгус күн” деген макаласында.

Басылмада белгилүү ырчы Роза Аманованын кыргыз радиосунун “Алтын фондунда” жазылган ыр-күүлөрдү кайра көчүрүп, компакт-дискке жазып аткандыгы тууралуу кеңири материал жарыяланган.

Президент А.Акаевдин өзү баш болуп өткөн ишембиде бак тигүүгө чыкканын, президенттик акимчиликтин жетекчиси бул күнү коллегия жыйынын өткөрүп, анда республиканын ветеринардык кызматы жакшы иштебей жатканын сынга алып, абалды оңдоого айыл чарба министрлигине тапшырма бергенин шейшембидеги “Кыргыз туусу” гезити жазды. Гезитте “Алга, Кыргызстан!” партиясынын иши, Майрам Акаеванын ишмердиги тууралуу макалаларга орун берилген.

Польшадагы ырасмий сапарында президент А.Акаев поляктар менен биргелешип Кыргызстанда алюминий заводун курууга ниеттенип келгенин жарыя кылган. Профессор Эмил Шүкүров “Республика” гезитинде жарыяланган пикиринде эгер андай завод курулса Кыргызстан экологиялык коркунучка капталаарын, табият жабыр тартып, таза суу булганаарын билдирген.

Ушул эле гезитте Солто Темир Борбор Азиядагы коррупция темасына арналган эларалык жыйындан жазган репортажы жарыяланган. Анда чыгып сүйлөгөн Төлөйкан Исмаилова Кыргызстанда жалган демократия түзүлгөн. Байлыктын баары таасирдүү үй-бүлөнүн колунда, өлкө кош стандартты карманат, деп билдирген.

Коммунисттик замандан бери Амангелди Муралиев жалаң жооптуу жетекчи кызматтарда жүрдү, деп жазат “МСН” гезитинде Рина Приживойт “Ойнолгон карта” деген макаласында. Автор, белгилүү саясий ишмер А.Муралиевдин таржымалына токтолуп, кийинки кездери ийгилик андан буйтап өтүп жатканы тууралуу кеп кылат. Чоң кызматтан түшкөндөн кийин 2002-жылы А.Муралиев парламенттин кошумча шайлоосуна катышып, жеңилүү ызасын тарткан. Андан соң ал “Биримдик” партиясын “Алга, Кыргызстанга” кошуп, министрлик кызматка келди. Депутаттардын көбү каршы чыкпаса министрликке дайындалмак, деп белгилейт макала автору.
XS
SM
MD
LG