Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:01

Бейөкмөт уюм жолугушуу өткөрөт


БИШКЕК. Эртең «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму тарабынан «Демократиянын келечеги: алгачкы кыргыз демократтарынын көз карашы» деген тема алдында жолугушуу-форум өткөрүлөт. Ага Кыргызстандагы алгачкы демократиялык жараяндарга жигердүү катышкан айрым саясатчылар, алардын ичинде Жыпар Жекшеев, Жумагазы Садыр уулу, Рахиля Жусупова, саясий партиялардын, бейөкмөт, эларалык уюмдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат. Жыйында «Ашар» коомдук уюмунун, Кыргызстан демократиялык кыймылынын Кыргызстанда демократиялык коомду куруудагы орду, алардын кыргыз жаштарынын улуттук аң-сезимин жогорулатуудагы, 90-жылдардын башында кыргыз жаштарын Бишкектин айланасында турак-жай менен камсыз кылуу иштериндеги салымы, ошондой эле Кыргызстан демократиялык кыймылынын Ош окуясындагы чы-чатакты тынчтык жол менен чечүүдөгү, тоталитардык режимди тынчтык жол менен демократиялык түзүлүшкө алмаштыруудагы орду жөнүндө кеңири сөз болот.

XS
SM
MD
LG