Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Эркин гезит редактору өзүнө коюлган күнөөгө макул эмес


БИШКЕК. «Энесай» эркин гезитинин опузалап акча алган деген шек менен кармалган башкы редактору Бахпурбек Аленов өзүнө коюлуп жаткан күнөөгө макул эмес. Мындай маалымат бүгүн анын адвокаты Сырдашбек Жакыповдон алынды. Анын маалыматына караганда, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын бир топ депутаттары редактордун камакка алынышына каршы. Ошондуктан алар баш коргоо чарасын өзгөртүүнү Башкы прокуратурадан сурап жатышат. Адвокаттын айтымында, буга Бахпурбек Аленов да макулдугун берди. Депутаттар редактордун камактан чыгарылышын жана ал ачылган кылмыш иши боюнча суракты эркин жүрүп берүүсүн өтүнүшөөрүн, ага өздөрү кепил болоорун кабарлашты.

«Энесай» эркин гезитинин редактору Бахпурбек Аленов жазган макаласы үчүн мыйзамчы депутат Тайырбек Сарпашевден акча опузалап алган деген шек менен кармалган.

XS
SM
MD
LG