Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Террорчулар деп айыпталгандардын соту уланууда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Ленин райондук соту антитеррордук коалициянын "Ганси" атындагы авиабазасын жардырууга камданышкан деген шек менен кармалып, айыпталган атуулдардын ишин кароону улантты. Бул күнү сотто прокуратуранын өкүлү Татти Исмаилова акыркы айыптоо сөзүн сүйлөп, айыпталып жаткандарга күчөтүлгөн режимдеги 15-жылдан 20 жылга чейинки түрмө жазасын берүүнү жана үй-мүлкүн конфискациялоону өтүндү. Ал эми айыпталгандардын адвокаттары ишти тергөө да, соттук териштирүү да мыйзам бузуулар менен өттү деп билдиришти. Алардын айтымында, буга айыпталуучуларды Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн токмоктогону же токмоктобогону боюнча соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү жана токмоктоду делген кызматкерлерди сотко чакыруу өтүнүчүн соттун аткарбай койгондугу далил. Бирок буга карабастан сот адилет чечим чыгарат деп ишенишээрин кабарлашты. Бул күнкү сотко Казакстандын ырасмий бийлигинин бир өкүлү катышты.

"Ганси" авиабазасын жардырууга кам көрүшкөн деген шек менен былтыр күзүндө Кыргызстандын үч, Казакстандын бир атуулу кармалган.

XS
SM
MD
LG