Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: "ЧЫНДЫК БУЛ - ЖАКШЫЛЫККА УМТУЛУУ..."


Султан Раев, Бишкек Бул ирет өз маегинде Кыргыз эл жазуучу Чыңгыз Айтматов руханий көркөм дөөлөттөр жөнүндө ой жүгүртөт.

- Чыңгыз Төрөкулович, сиздин оюңузду уккубуз келет - өмүрдүн баасы, баркы жөнүндө? Кайрадан Айтматов болуп төрөлсөңүз жашоону эмнеден баштаар элеңиз?

- Кайра төрөлүү кыял, ойдо айтылат. Бул чоң философиялык маселе, анын баркы, баасы, ченеми жок. Муну ар ким өзүнчө ойлоп табыш керек. Өзүнчө таасирленип, ошого ишенип, ошол чын эле өмүрдүн көркөмү, бактысы ушундай экен деп. Ошого абдан берилип, түшүнүш керек. Улуу баалуулуктарга ынаныш керек, канчалык ынансаң ошончолук анын баркын билесиң. Кайрадан төрөлсөм жашоону кайрадан эмнеден баштайт элем? Мен кечээ күнү балдарга айтып атам, автомашина колдогу ширенкенин кабыгындай болуп калды. Менин кичинекейимде ушундай шарт болду, Райкан Шүкүрбеков ошондо жаш жигит, журналист болуп, кыргыздардын ичинен алгачкы чыккандардан. Мен ошондо бала бакчада жүргөм, ошол менин эсимде. Ал келип "А сен Төрөкулдун баласы, чоңойгондо ким болосуң?" дейт. "Шоопур болом" дедим. Эмне үчүн дегенде, анда машина деген чанда-чанда болчу. Жолдо машина өтүп баратса аркасынан чуркачубуз. Ошончолук чоң окуя болчу. Ошондо бала кезимден шоопур болом деп айткам. Анын түшүнө турган жагдайы ошол, ал кезде бул укмуштуу жаңылык эле.

- Лев Николаевич Толстой өмүрүнүн акыркы кездеринде күндөлүгүнөн окусак "мен өмүр бою чындыкты издедим" деп жазыптыр. Сиз сүрөткер катары, улуу инсан катары өзүңүздүн чындыгыңызды таба алдыңызбы?

- Чындыкка чарчабаган, токтобогон умтулуу болуш керек. Жеткени жетет. Чындык бир жерге келип эле токтоп туруп албайт. Улам жаңы жагдайларды ачып турат. Өткөн заман чындыгы эмне, азыркы чындык эмне? Айырмасы болушу мүмкүн. Бирок турмуштагы, өмүрдөгү, тарыхтагы негизги чындык ал жакшылыкка, гуманизмге умтулуу. Өзүнүн турмушун чындыкка арнап жашоо деп түшүнөм. Бирок ага жетиш дагы оңой эмес. Толуп аткан терс көрүнүштөр, кыйынчылыктар жолдон чыгат. Адам өзү да терс көрүнүштөргө берилип кетиши мүмкүн, терс көрүнүштөрдүн агымында жүрүшү мүмкүн. Азыр болуп атпайбы ар түрлүү окуялар, өзгөч жаштардан. Террорчулукка чейин барышы мүмкүн. Андыктан күн мурун баардыгын бул мындай болот деп айтыш кыйын. Бир гана айта турган кеп - адамды адам сыйлаш керек, колунан келген жакшылыгын иштеш керек, ошого үмүттөнүп умтулушу керек. Калганын дагы турмуш жагдай көрсөтөт.

- Чыңгызхан дүйнөнү кылычтын күчү менен багынтты, сиз калемдин учу менен багынттыңыз. Мен бул суроону берейин дегеним, сиздин оюңузча тиран менен генийдин айырмасы эмнеде? Себеби биз каалайбызбы, каалабайбызды тарыхта ушундай порадокс экен - эки адам калат экен, гений менен тиран?

- Сөзсүз. Тиран деген бул көпчүлүк элди багынтып, өзүнүн бийлиги үчүн колдонот. Тарыхтын баары ошондой. Генийлик көбүнчө илим, билимге, көркөм өнөргө тийешелүү. Тирандык ал бийликтин амалын таап, көпчүлүктү өзүнө багынтып, ошонун үзүрүн көрүш. Бул тойбос нерсе, тирандар эч тойбойт. Мисалы, бир мамлекеттин тираны болсо, ал дүйнөнү баарын багындырсам деген ойдо болот. Адамдын турмушунда берилген каргыш сыяктуу нерсе. Каргышты эч ким токтото албайт, күчү оңой эмес. Тиран деген каргыш нерсе. Гений деген бул адамзатка жаңылык, жаңы күч, жаңы көркөм ача турган нерсе.

- Өмүрүңүздүн тең жарымын киндик каныңыз тамган мекениңизде өткөрсөңүз, жарымын четте өткөрдүңүз. Четте жүргөндө жер, эл жөнүндө ойлойсузбу?

- Сөзсүз сагынам, ар кандай деп өзүмө-өзүм жооп берүүгө аракеттенем. Кандай болот туурабы, туура эмеспи? Бул азыркы заманда глобалдык процесс жүрүп атпайбы. Мурун адам баласы өзүнүн гана кичинекей чөйрөсүндө, кичинекей гана жеринде жүргөн, ал - туура. Азыркы убак маалымат заманы, телевизор чыкты, компьютер жайылып кетти. Коммуникациялык каражаттар, саомолет, кеме жана башкалар. Анан эң негизи - телевизордун күчү. Ушунун аркасында дүйнөгө көз караш өзгөрүп атат. Сөзсүз эле мен бир жерде конуп отурбай, нары жүрсөм да, бери кетсем да азыркы жетишкендиктердин аркасы менен жүрөм. Албетте элимди, жеримди сагынам. Бирок ошол эле теледен көрүп калам, радиодон угуп калам, газеттен окуп калам - эмне болуп атат деп. Мен өзүмдү адашып кеттим, четте калдым деп сезбейм. Бирок ар нерсенин чеги бар, акыры эртеби, кечпи өзүмдүн эл, жеримде турушум керек деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG