Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Аза күтүү чыгымына чек коюлат


БИШКЕК. Кыргызстандын аймагында каза болгон адамдын сөөгүн жерге берүү каадасына кетүүчү чыгымдарга чек койуу багытында иш чаралар жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн эмгек жана социалдык коргоо министрлигинен билдиришти. Министрликтин мындай чечимге келишине кыргыз улутундагылардын аза күтүү каадасында обу жок чыгымга баруусу түрткү болгон. Республиканын аймагында көзү өтүп кеткен адамдын кара ашына кеткен чыгымдын кесепетинен анын артында калган үй-бүлөсү карызга батып, жакырланган жагдайлар көбөйүп кеткен. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынан билдиргенге караганда, сөөк койуу ырым-жырымында ыгы жок чыгым тартуу ыйык Куранда көрсөтүлгөн эмес. Бул маселе тууралуу 2002-жылы октябрь айында Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын уламалар кеңешинин мажилисинде “Маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкерчиликке, шариятка дал келбеген каада-салттарга жол берилбесин” деген атайын токтом кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG