ВАШИНГТОН. АКШнын президентинин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуул боюнча түзүлгөн комиссияга кечээ көрсөтмө берди.
Ал Буштун администрациясы мурдагы президенттердин администрацияларына караганда террордук коркунучка көп көңүл бөлдү деп билдирди. Райс “чабуул алдында администрацияга чабуул болот деген маалымат түшкөн, бирок ал кайсы жерде качан болоору так эмес, жалпы мүнөздөгү маалымат болчу" деди:
- Бизге түшкөн чабуул болот деген маалыматта анын качан, кайсы жерде жана кандай түрдө болору так жазылган эмес. Ал маалыматтын баары "ал-каидачылардын" АКШдан тышкаркы жерлердеги – жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы аракеттери тууралуу айтылган,-деди Кондолиза Райс.