Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Жапондуктар өз аскерлерин Ирактан алып чыгууну талап кылышты


ТОКИО. Бүгүн Жапониянын өкмөт үйүнүн алдына 600дөй адам чыгып, Жапониянын аскерлерин Ирактан чыгарып кетүүнү премьер-министр Дзюнтиро Коидзумиден талап кылышты. Өкмөттүн өкүлдөрү жапониялык аскерлер Иракта гуманитардык иштерди гана жүргүзүп жатат деп айтышты.

Иракта согушчандар тарабынан 13 чет өлкөлүк барымтага алынган. Алардын ичинде жапондор жана корейлер бар экендиги айтылат. “Ал-Жазира” теле каналы “барымтачылар, эгерде Жапон өкмөтү өз аскерлерин чыгарып кетпесе, барымтага алынган жапон атуулдары өлтүрүлөт” деп айтышты деген маалымат тараткан.

Барымтага алынгандардын арасында 7 түштүк кореялык адам бар экендиги айтылууда. Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Бан Ки Мун Иракка баруучуларга карата чектөө киргизиле тургандыгын жарыялады:

- Ирак өзгөчө кооптуу деп эсептелген өлкөлөрдүн тизмесине киргизилди. Бул өлкөгө баруучулар болсо, өкмөт алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн алар бул жөнүндө алдын ала билдириши зарыл,-деди Бан Ки Мун.

XS
SM
MD
LG