Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

ӨЗБЕК БИЙЛИГИ ТАШКЕН ЖАРДЫРУУЛАРЫН “АЛ-КАИДА” МЕНЕН БАЙЛАНЫШТЫРУУДА


Бурулкан Турдубек кызы, Прага Өзбекстандын атайын кызматтары бул мамлекет аймагында марттын этегинде болгон жардырууларды иликтөөсүн улантууда. Жардырууларга байланыштуу коомчулукта ар кыл жоромолдор айтылып жатат. Расмий Ташкен террордук чабуулду “Хизб ут-Тахрир” жашыруун уюмунун кылганы катары саноодо. Өзбекстандын башкы прокурору акыркы маалымат жыйынында террорчуларды “Алкаида” уюмунун адистери машыктырганы аныкталганын билдирди.

Расмий Ташкен 1999-жылдын февралында болгон жардыруу үчүн Өзбекстандын ислам кыймылын айыптаган. Ал билдирүүсүнөн айырмаланып, өзбек бийлиги бул ирет күнөөнү “хизбутчуларга” оодарды.

Жардырууларга удаа эле айтылган мындай расмий дооматты уюмдун Лондондогу кеңсеси дароо четке каккан. Уюмдун жетекчилиги “Хизб ут-Тахрир” мындай куралдуу күрөшкө жана террордук аракеттерге катышпай турганын билдирген. Уюмдун Лондон кеңсеси ошондой эле бул жардырууну өзбек режимине каршы жасалышы ыктымал деп божомолдогон.

Бирок “Хизб ут-Тахрирдин” бул ишке аралашканында шек жок экенин башкы прокурор Рашид Кадыров ушул аптада өткөн маалымат жыйынында дагы бир жолу билдирди. Анын айтымында, жардырууларды уюмдун Букарада жана Ташкенде аракеттенген жамиаттары ишке ашырышы ыктымал:

- Жамиаттардагы өзүн өзү өлтүрүүгө алып барган диний көз караштардын жана максаттардын негизин “Хизб ут-Тахрирдин” идеялары түзөөрү тууралуу тергөө маалыматтары бар. Бул идеяларда террористтик Түркистан ислам кыймылынын жана башка исламдын экстемисттик багыттарынын күчөтүлгөн радикалдык элементтери бар.

29-марттын түнүндө Бухарада бир үй жардырылып, милиция кызматынын эки кеңсесине чабуул жасалган. Эртеси жанкечтилер Чорсу базарына жакын жерде жардыруу уюштурушкан. Ушундай эле аракеттер Ташкендин жанындагы күзөт бөлүмдөрүндө, Сабиррахим районунда болгон. Бул жардырууларда жана атышууларда 33 жанкечти жана 10 милиция кызматкери набыт болгондугу айтылууда.

Башкы прокурордун айтымында, окуяны иликтөөгө байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин 412 адам суралды. Иликтөөлөрдүн негизинде көптөгөн жардыргыч заттар жана куралдар табылды.

- Азыркы тергөө жыйынтыгында аныкталган кылмышкер уюмдун 84 мүчөсүнүн 62си эркек, 22си аял. Террорчулардын көпчүлүгү, башкача айтканда, алтымышы 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар. Муну террористтик уюмдар биздин жаштардын акыл токтото элек бөлүгүн диний-экстремисттик идеяларга сугаруу аракети катары баалоого болот.

Башкы прокурордун билдиргенине караганда, террористтик уюмдун мүчөлөрүн “ал-Каида” уюмундагы арабдар машыктырышкан:

- Кармалгандардын билдиргендерине караганда, аларды согуштук даярдыктан өткөрүү жана окутуу иштери “ал-Каиданын” согушкерлерин даярдаган араб машыктыруучулары тарабынан жүргүзүлгөн.

Бирок укук коргоочуларды расмий бийликтин террактка байланышкан мындай дооматына караганда, азыркы өзбек режимине каршы аракет болушу ыктымал деген божомол көбүрөөк ынандырууда. Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту өзүнүн отчетунда Өзбекстандын туруктуулугу бийлик режиминен көз каранды экенин жазып чыкты.

Хьюман Райтс Вотч уюму баш болгон бир катар укук коргоочу уюмдардын болжолунда учурда оппозициялык маанайдагы 6,5 миң адам түрмөдө отурат. Жергиликтүү укук коргоочулар акыркы террактан кийин диний көз карашын ачык билдирген атуулдарды кармоо жана зомбулук көрсөтүү Өзбекстанда күч алып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды таратышууда.

XS
SM
MD
LG