Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

БАРАК АНКЛАВЫНДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН АБАЛЫ ООР


Кожогелди Култегин, Ош шаары Карасуу районуна караштуу Барак анклав кыштагынын тургундары март айынын башында бир катар инстанцияларга кат жолдошуп, Кыргызстанга катташ үчүн тоскоолдуксуз жол ачып берүүнү суранышкан. Бирок алигиче эч кимден эч кандай жооп жок.

Кат Өзбекстандагы жардыруулар болгонго чейин жөнөтүлгөн жана анда өткөн жылы гана ачылган жолдогу Өзбекстан чегарачыларынын көрсөткөн кордуктары баяндалган. Кат тууралуу жана аны жазуунун зарылдыгы боюнча Барак анклав кыштагынын башчысы Буркан Ашыров мындай дейт:

- Президентке, премьер-министрге, депутатыбыз Малабаевге, акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна, өзүбүздүн губернатор Накен Касевге кат жөнөткөнбүз. Кайрылганыбыздын себеби, жол биринчи ачылганда өзүбүздү кыйла жеңил сезип калдык, кеңири өтүп. Мына эми эскирген сайын булардын талабы күчтүү болуп, күчү көбүрөөк болууда. Той, өлүм-житимдерде тууган-уруктардын каттоосу өтө кыйын болуп атат. Ошонун негизинде эч кандай тоскоолдуксуз "коридорду" - жолду суранып жатабыз.

Барак айылынын тургуну Тайир Каримов Өзбекстан чегарачыларынын анклавда жашаган кыргызстандыктарга көрсөткөн төмөндөгүдөй мазактоолорун белгиледи:

- Кандай максат менен өтүп атасың деп сурап өткөргөндө жаман акыбалда калып атабыз. Баарын буларга тизмелеп айтып бериш керек. Азыркы тополоңдун ичиндеги жаман адамдардай кабыл алышат бизди.

Өзбекстан Барак анклав кыштагынын жашоочуларынын дыйканчылык кылышына, өндүргөн продукцияларын Кыргызстанга өткөрүп сатышына кандай тоскоолдук көрсөтөөрүн Буркан Ашыровдон угалык:

- Айыл чарба продукцияларын өндүрсөк, мисалы, пахта эксек алар атайын адистерди жөнөтүп, эккен жерибиздин гектарын өлчөп, канча центнер түшүм берет, кийин мынча болот деп кетишет. Кийин айтканынан ашыкчасын чыгарышка уруксат бербейт. Качан гана уруксат алып, бир ай бою, бажысына, милициясына, акимиятына чуркап, документти бүтүргөндөн кийин гана ошонун негизинде бир күнү анан чыгарып атабыз.

Сөздү барактык Токтомамат Курбанов улайт:

- Семичке жүктөп келдим эки кап, базарга алып барып сатайын деп. Мен келген убакта начальниктери келип калган экен, Коргонту районунун милициялары да, бул жерден продукция, башка нерсе өтүшкө мүмкүн эмес дешти. Түндөсү келсең өткөрбөйт экен. Жолдон сууктан ооруп каласың.

Барак айылынын башчысы Буркан Ашыров барактыктардын алигиче дыйканчылык иштерин баштай албай жатканына, ага Өзбекстан тараптын уруксаты керектигине ыза:

- Азыр карасаңыз Өзбекстанда пахта тигип атат. Биз эч нерсе баштай албай отурабыз. Себеби баштоодон мурда Өзбекстан "Достук" посту аркылуу мынча жерсемирткич өттү демейин биздин эгишке мүмкүнчүлүгүбүз, акыбыз жок. Булар ушундай талапты коюп атат. Эгер мындай болуп жабылып тура берсе биздин жерлер айдалбай калып, эл ачка калышы мүмкүн. Өкмөт карап берсин ушуну.

Барактын айдоо аянттары менен Баракты Кыргызстандан бөлүп турган Өзбекстандын Бирлешкен колхозунун айдоо аянттары бири-биринен айырмасыз туташ жерлер. 5-10 гектар жерди Кыргызстан менен Өзбекстан алмашып алса эле болгону Кыргызстан чегинен 3 чакырым алыстыктагы Барак кыштагы анклав болбой Кыргызстанга биригип калмак:

- Жерди алмаштыруу жолу менен гана биз Кыргызстанга жармашып калабыз. 3 вариантты бергенбиз. Эч кандай жыйынтык же жооп уккан жокбуз. Чындап кирише турган болсо өкмөт башчыларынан Өзбекстан жана Кыргызстан тараптан комиссиялар келип, аянттарды көрүп ушул жерде чечсе боло тургандай - биздин оюбузча. Каттарыбызга жооп келбесе эл менен топтолуп пикетке чыгабызбы. Жеткен жерге жетишибиз керек, - дейт жаны ачыган айыл башчы Буркан Ашыров.

XS
SM
MD
LG