Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

ПРАГАДАГЫ ФЕСТИВАЛДА КЫРГЫЗДАР ЖӨНҮНДӨ ДАРЕКТҮҮ КИНО КӨРСӨТҮЛӨТ


14-апрелде Чехиянын баш калаасында эларалык "Йеден Свет" же "Бир дүйнө" фестивалы башталууда. Европадагы эң абройлуу адам укуктары фестивалдарынын бирине айланган кароону Прагада көрөрмандар чыдамсыздык менен күтүшөт. Анда быйыл да Кыргызстан тууралуу фильм көрсөтүлмөкчү.

Ушул ишемби күнү Праганын "Эвалд" кинотеатрында "Кымыздын даамы" аттуу даректүү тасма көрсөтүлөт. Бишкекте жашаган тоолук жигиттин туулган айлын сагынган эскерүүсүн белгиялык киночу Хавиер Кристиансен тасмага түшүргөн.

Чехиянын борборунда алты жылдан бери уюштурулуп келаткан "Йеден Свет" же "Бир дүйнө" кароосунда буга чейинки жылдары Кыргызстан боюнча Замир Эралиевдин "Алтын авария", Арто Халлонендин "Жылдыз кербен" жана Динара Сүймалиеванын "Гастролерлор" тасмалары көрсөтүлгөн.

17-апрелде аталган кинотеатрда Орзу Шариповдун "Тирүү контейнер" деген тасмасы да коюлат. (Сүрөттө - тасмадан бир көрүнүш).

Бул тасмада балдарын багыштын айласынан маңзаты салынган баштыкты ашказанында ташыган тажик аял менен таанышабыз. "Күйөөм таштап кеткен, жумушум жок, балдарым ачка отурат, сойкулукка баш койгондон көрө, баңгизат ташыйын дедим", - дейт түрмөдө отурган жаш келин.

"Тирүү контейнерден" тышкары Прагада мурдагы советтик жумурияттардын аялдарынын бүгүнкү турмушун чагылдырган кыска метраждуу сегиз тасма бар. Бул топтомду Орусиядагы "Ачык коом институту" сунуш этүүдө.

"Йеден свет" кароосунун өзгөчөлүгү - мында жалаң адам укуктарынын абалына арналган тасмалар көрсөтүлөт. Быйыл фестивалга ардактуу конок болуп америкалык режисер Петер Давистин келээри маалым болду. Давистин "Пентагонду сатуу" деген тасмасы убагында "Эмма", "Пибоди" жана башка сыйлыктарга татыган. Анда киночу Вьетнам согушунун учурундагы АКШ армиясынын үгүт-насаат тактикасын изилдеген.

"Кымыздын даамы" жана "Тирүү контейнер" – фестивалда "Атайын репортаж" деген категорияда көрсөтүлөт. Бул бөлүмдө ошондой эле 19 жыл Кытайдын түрмөсүндө жатып чыккан, Америкага качып, кытайлык түрмө-лагерлер жөнүндө маалымат чогултуу үчүн мекенине алты жолу жашыруун келип жүрүп, кайра кармалган Харри Вунун тасмасына айрыкча көңүл бурулууда. Кошмо Штаттардын талабы менен Бээжин өкмөтү бошотуп, өлкөдөн чыгарып жиберген Ву да быйыл Прагадагы фестивалдын ардактуу коногу болот.

14-апрелде ачылып, 22синде аяктоочу фестивалда мындан тышкары "Негизги кароо" жана "Кыска метраждуу фильмдер" категориясы бар. Израилдик мугалимдин палестин окуучулары жанкечти болуп, Израиль армиясына каршы согушканы, Армениядагы Спитак жер титирөөсүнөн аман калгандардын турмушу, бутпарастардын (буддисттердин) "калачакра" жөрөлгөсү, жалаң курсак тойгузуп, жасанып кийинип жүрүүнүн камы менен күн өткөргөндөрдүн жашоосу, 11 бакма, болгондо да майып баланы өстүргөндөрдүн кайгы-капасы менен кубанычы, бейиштин төрүндөй болгон Испаниянын жээгине жете албай деңизде чөгүп өлгөн африкалык качкындар тууралуу жана башка 15 тасма "Негизги кароодо" коюлат.

"Йеден Свет" фестивалынын "Хомо Хомини" аттуу сыйлыгы быйыл Наташа Кандичке жана анын Белграддагы "Гуманитардык мыйзам борборуна" берилмекчи. Наташа Кандич адам укуктарын коргоо жаатындагы кажыбас эмгеги жана адамзатына каршы кылмыштарды иликтөөдөгү каармандыгы үчүн ушундай сыйга татыды.

"Йеден светте" көрсөтүлгөн фильмдерди Чехиянын мектептеринде мугалимдер өз сабактарында пайдаланышат, фильмдер абакта отурган кылмышкерлерге көрсөтүлөт.

Фестивалды – "Лиди в тисне" же "Зар болгон кишилер" аттуу гуманитардык уюм 1998-жылы башталган. Фестивалдын көрөрмандары негизинен 18-28 жаш курагындагы жаштар, өткөн жылы Прагада жана Чехиянын дагы 10дон ашык шаарында өткөн кароого 52 миң киши келди.

6-апрелдеги пресс-конференцияда "Йеден Светтин" уюштуруучусу Игорь Блазевич жылдан жылга аброю өсүп бараткан фестивалдын ийгилигине канааттангандык билдирди. Блазевичтин айтымында, "Йеден Свет" азыр адам укуктары фестивалдарынын эл аралык ассоциациясына киргени турат.

Бул өңдөнгөн кароолор Орусияда да бирин-экин бар. "Маскөөдөгү "Сталкер" фестивалы СССРдин тушунда кинолоруна тыйуу салынган режисерлордун күчү менен уюштурулаарын белгилеген Блазевич көрөрмандардын саны жана жаш курагы боюнча "Сталкер" азырына чектелүү мүнөзгө ээ экендигин билдирди.

"Йеден Свет" адам укуктары темасындагы даректүү фильмдерди көрсөтүү менен гана чектелбейт. Фествалдын мезгилинде бул өңдөнгөн кароолорду уюштурууга кызыккандар үчүн семинар өткөрүлөт. Фестивалдын уюштуруучусу Игорь Блазевичтин айтымында, семинарга Казакстан, Тажикстандан да өкүлдөр келишүүдө.

Ар кандай иш-чаранын ийгилиги уюштурууга жараша болот эмеспи. Чех коомунда жана эл аралык деңгээлде фестивалдын бедели өскөн сайын, каржылоочу, сүрөөнчүлөрдүн катары да көбөйүп барат. Быйыл спонсорлордун саны 57ге жетти.

Фестивалды башынан колдоп келаткан пиво жасоочу "Плзенски Праздрой" ишканасынын өкүлү кабарчыларга мындай деди:

- Биздин компания өзүн чех маданий чөйрөсүнүн өкүлү деп билет. Биз маданият, көркөм өнөрдү гана колдобостон, адам укуктарын коргоого да өз үлүшүбүздү кошуп келатабыз.
XS
SM
MD
LG