Шейшемби күнү - 13-апрелде «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев Феликс Кулов ушул жылдын 1-июнунда боштондукка чыгаарын билдирди. Анын айтымында, мындай маалыматты Куловдун адвокаты Любовь Ивановага юстиция министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчиси Владимир Носов өз катында билдирген. Бирок башкармалыктын басма сөз катчысы Сергей Сидоров андай кат бар экенин биздин радиого берген маалыматында минтип төгүндөдү:
- Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчилиги мындай маалыматты төгүнгө чыгарат жана жетекчилик андай ойду билдирген да, айткан да эмес.
Анын айтымында, Кулов ага берилген мөөнөт боюнча 2007-жылга чейин отуруш керек, бирок бардык атуулдарга мөөнөтүнөн мурда бошонуу укугу берилгендей эле, Куловго да ошондой мүмкүнчүлүк берилиши ыктымал.
Мына ушундай карама-каршылыктуу билдирүүлөрдүн алкагында Феликс Куловду бошотуу боюнча штаб 15-апрелде Жаңыжер абагына чейин жөө жүрүш акциясына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу укук коргоочу Турсунбек Акун буларды кабарлады:
- Уюштуруу иштери жүрүп жатат. Байтиктен, Карабуурадан адамдар келгени атат.
Ал эми «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев жөө жүрүштүн максаты тууралуу буларды кабарлады:
- Жөө жүрүш акциясы бул кыргыз элине жана эл аралык коомчулукка кайрылуу. Феликс Кулов саясий туткун. Ал мыйзамсыз камалган. Мына ошол мыйзамсыз камоонун мөөнөтү бүткөн. Бирок ага карабай аны кармап турушат. Жөө жүрүштүн катышуучулары мына ушул фактыга коомчулуктун, эларалык уюмдардын көңүлүн бурууну көздөөдө.
Анынн айтымында, жөө жүрүштүн катышуучулары Бишкек шаарынын Фучик көчөсүнөн тартып Сокулук районундагы Жаңыжер жергесинде жайгашкан абакка чейин басып барышат. Бул аралык 48 чакырым. Жөө жүрүшкө 100дүн тегерегинде кишинин катышуусу күтүлүүдө.
"Бул иш-чараны өткөрүү үчүн бийлик органдарынан уруксат алындыбы?" деген суроого Эмил Алиев мындай жооп берди:
- Бийликтен мындай ишке уруксат алуунун кереги жок. Себеби көчөдө басам деген адам, көчөдө басат элем деп бийликтен уруксат сурабайт да.
Укук коргоочу Турсунбек Акун да 2002-жылдын июнь айында кабыл алынган «Атуулдардын тынч эркин чогулуу, митинг жана демонстрацияларды куралы жок өткөрүү укуктары жөнүндө» мыйзамдын үчүнчү беренесине ылайык уруксатсыз эле мындай акция өткөрүүгө укуктуу экенин белгиледи.
Ал эми тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү, тактап айтканда, Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери Улан Чалбаев, Бишкек шаарынын мындай иш чараларды өткөрүү боюнча жобосуна ылайык бул акцияны өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликтин уруксаты керек деген пикирин айтты:
- Кандай болгон күндө да Бишкек мэриясынан же жергиликтүү кеңештен уруксат алыныш керек.
Феликс Куловдун тарапкерлери 2002-жылдын октябрь айында Байтик айлынан Бишкек шаарына чейин Феликс Куловду бошотуу талабы менен жөө жүрүш акциясын жасашкан. Анда милиция кызматкерлери акциянын катышуучуларын күч колдонуу менен таратып, айрымдары сот жообуна тартылган.
Өлкөнүн мурунку вице-президенти Феликс Кулов 2000-жылдын 22-мартында камакка алынып, 2001-жылы 10 жылга кесилген. Расмий бийлик Кулов жогорку кызмат орундарда иштеген убакта жасаган мыйзамсыз аракеттери үчун айыпталган деп билдирсе, эларалык жана жергиликтүү укук коргоочулар Куловдун саясий ишмердүүлүгү үчүн камалганын белгилеп келатат. Алардын ичинде Адам укуктары боюнча эларалык лига, Эларалык Хельсинки федерациясы Феликс Кулов саясий мотивде камалган деген пикирде.