Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

АКШдан жардамды метрология жана стандарт институту да алат


БИШКЕК. 15-апрелде АКШнын ЮСАИД агенттигинин Кыргызстандагы өкүлү Клиффорд Браун АКШ өкмөтү менен «Боинг» корпорациясынын 172 миң долларлык илимий жабдуусун метрология жана стандарт боюнча улуттук институтуна тапшырат. Мындай маалыматты бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги таратты. Ал маалыматка караганда, бул жардам «Боинг» корпорациясынын Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик стандарт комитеттерине жардам иретинде бере турган 3 миллион 800 миң долларлык долбоорунун алкагында алгачкы ирет жөнөтүлгөн. Экинчи жардам ушул жылдын жай айларында келет. АКШ өкмөтү менен «Боинг» корпорациясы мындай жардамын Борбор Азиядагы мамлекеттердин Дүйнөлүк соода уюмунун стандарттарына ылайык өнүгүүсү үчүн берүүдө.

XS
SM
MD
LG