Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Иракта италиялык төрт кишинин дайыны табылбай калды


Муну бүгүн Италиянын тышкы иштер министрлиги ырастады. Катарлык “Ал-Жазира” телеканалы барымтага алынган адамдарды көрсөтүп, аларды италиялык жарандар деп атаган эле. Телеканалдын айтымында, барымтачылар Италиядан өз аскерлерин чыгарып кетүү талабын коюп жатат. Кечээ Иракта чехиялык эки журналист уурдалып, үчүнчүсү дайынсыз жоголуп кетти. Америкалык тогуз кишини, анын ичинде “Халлибертон” компаниясында иштеген сегиз адисти да издеп, таппай жатышат.

XS
SM
MD
LG