Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

СӨЗ ЭРКИНДИГИ ШАЙЛООЛОР АЛДЫНДА КЫСЫМГА АЛЫНАБЫ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу дурус экенин байкоочулар белгилеп келет. Бирок ага карабай шайлоо же референдум алдында тоскоолдуктарга эң алды эркин маалымат каражаттары кабылаары жашыруун болбой калды. 17-марттан бери “Пирамида” сыналгысынын эфирге чыкпай калышын да айрым эксперттер алдыдагы шайлоо менен байланыштырып жатышат.

Чындыгында “Пирамида” сыналгысынын 17-марттан бери метрдик диапозондо эфирге чыкпай калышы техникалык себептерден улам болуп жатканын сыналгынын жетекчиси Адылбек Бийназаров да маалымдап келген.

Бирок 14-апрелде “Пирамида” сыналгысынын башкы редактору Элина Чернявская саясый өңүттөн улам болууда деп билдирди.

Мындай пикир менен “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиев да макул. Анын пикирине караганда шайлоо жакындаган сайын Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарына кысым күчөй баштайт:

- Эми куугунтуктоо болуп атат да. Бир журналист убактылуу тергөө абагында отурат. “Пирамиданын” метрдик каналын жаап, ал эфирге чыкпай жатпайбы. Чыгып аткан каналын кайра алалбай атпайбы. Эми мунун баары эркин сөздү, эркин эфирди басуу болуп атат да. Тоскоол болуп атат да аларга. Шайлоо жылы жакындап калганда кысым күчөп калат да. Мына шайлоо жакындап атпайбы. Парламенттик шайлоо башталат эми, анан президенттик шайлоо болот.

Кубан Мамбеталиевдин пикири менен Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын жетекчиси Курманбек Раматов макул эмес:

- Кысым күчөгөнүнүн эч кандай белгиси билинген жок. Гезиттер мурда кандай чыкса, ошондой эле чыгып атат. Журналисттер кандай жазса, ошондой жазып атышат. Бул жагынан кемчиликти, же болбосо жетишпегендикти, же бир тузу кемип калган сыяктуу жагдайды байкаган да, көргөн деле жокпуз.

Ал эми акыркы референдум алдында соттошуудан улам чыкпай калган “Ордо” гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиев өлкөдө азырынча жагдай дурус эле, бирок шайлоо жакындаган сайын кооптонуу бар дейт:

- Эми азырынча эч кандай деле кысымдар байкалбайт. Шайлоого али эрте. Балким, ошол жакындаган учурда анан өкмөт үйдөгүлөр өзүнүн көптөн бери ойлоп тапкан тактикаларын колдонушу мүмкүн. Мисалы, мына “Пирамидадан” башталды деген пикирлер журналисттердин арасында айтылып жатат. Ушул... азырынча.

Мына ушундай кайчы пикирлер маалымат каражаттарынын арасында өкүм сүрүп келет. Ал эми эларалык уюмдардын, байкоочулардын иликтөөсүндө Кыргызстанда сөз эркиндигине карата муктаждык сакталууда жана сөз эркиндиги толук кандуу орной элек.
XS
SM
MD
LG