Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

АКШнын президенти менен Израилдин премьери жөөт айылдарынын маселесин талкуулап жатышат


ВАШИНГТОН. АКШнын президенти Жорж Буш Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон менен жөөт кыштактарын Газа тилкесинен көчүрүү жана ал тилкеден жөөт аскерлерин чыгарып кетүү маселесин талкуулап жатат. Буш Израилдин планына колдоо билдиргени менен Жакынкы Чыгыш жаңжалын жөнгө салуу боюнча тынчтык план сөзсүз ишке ашырылууга тийиш деп белгиледи. Палестин автономиясынын өкмөт башчысы Ахмед Корейи бүгүн эртең мененки билдирүүсүндө эгерде АКШ Шарондун Газа тилкесинен көчүрүлгөн айылдар үчүн Йордан дарыясынын батыш жээгинде кыштак куруу жөнүндөгү пландарын колдоп чыкса, аймакта тынчтык орнобой турганын айтты.

- Туруктуу макамга байланышкан маселелердин бири да бир тараптын каалоосу боюнча чечилбеши керек,- деди Корейи.

XS
SM
MD
LG