Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:53

Кипрдин түрк тургундары аралдын биригиши үчүн ири демонстрация өткөрдү


Кипрдин борбору Никосия шаарында кечээ күнү 40 миңге жакын кипрдик түрк чогулуп, экиге бөлүнгөн аралдын биригишин талап кылды. Бириккен Улуттар Уюму биригүү маселеси боюнча 24-апрелде Кипрде референдум өткөрөт. 1-майдан тартып аралдын грек бөлүгү Европа Биримдигине мүчө болуп кирет жана эгер эки тарап бириксе, Биримдикке бүткүл Кипр кошулушу мүмкүн. Кипр грек жана түрк бөлүктөрүнө 1974-жылы бөлүнүп кеткен.

XS
SM
MD
LG