Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

БИШКЕКТЕ ФЕЛИКС КУЛОВДУ БОШТОНДУККА ЧЫГАРУУ МАСЕЛЕСИ КАЙРАДАН ЖАНДУУ КӨТӨРҮЛӨ БАШТАДЫ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Бишкекте оппозициядагы «Арнамыс» партиясынын лидери, абактагы Феликс Куловду боштондукка чыгаруу аракети кайрадан жандана баштады. Абакта жаткан саясатчы өткөн жылдан бери сот өкүмү тарабынан берилген мөөнөт бүттү, бийлик жакында бошотууга тийиш деп келсе, бийлик өкүлдөрү анын боштондукка чыгышы тууралуу үн ката элек. Бүгүн (15-апрелде) Бишкекте башталып, бирок өз максатына жетпей калган жөө жүрүшкө чогулгандардын негизги талабы Ф.Куловдун боштондукка чыгаруу болду.

«Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Куловду эркиндикке чыгаруу талабы Кыргызстанда биринчи жолу эле көтөрүлүп жаткан жок. Алсак, өткөн жылкы тегерек столдогу жолугушууда бул маселе курч коюлганы коомчулуктун али эсинде. Андан мурунку жылы, тактап айтканда 2002-жылкы тегерек столдо да бул маселе көтөрүлүп, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев ал маселени ачык коюп, «Топчубек Тургуналиев сыяктуу Феликс Куловго эркиндик берүүгө эмне үчүн болбосун?» деген суроо менен президентке кайрылган болчу. Мына ушундай талаптар, сунуштар мамлекет башчысына ар убак коюлуп келгенден улам, А.Акаев өткөн жылкы 19-июлдагы тегерек үстөл четиндеги жыйында Феликс Кулов тууралуу оюн ачыктап, саясий куугунтук тууралуу эч кандай сөз болбошу керектигин айтып, ал катардагы кылмышкер катары каралаары тууралуу оюн баса белгилеген:

- Мен президент катары Куловдун кылмыш ишине байланыштуу өтүнүчтү мыйзам чегинде кароого милдеттүүмүн, ар дайым карап келгемин, карай бермекчимин. Бирок менден Феликс Куловду саясый айыпкер катары кароомду өтүнүп, аны бошотуумду же ага карата чараны өзгөртүүнү сурап жатышат. Мен андай (саясий) иш бизде жок жана болгон эмес деп эсептейм.

Бирок жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар Мамлекет башчысынын мындай пикири менен макул болбой келет. Абакта жаткан Феликс Кулов да ушундай эле пикирди карманып, түрмөдө жаткан мөөнөтү 2003-жылы июль айында бүткөнүн, эркиндикке чыгууга убакыт келгенин өткөн жылы мындай деп түшүндүргөн:

-Эки сот болду. Биринчи жолу 22 мартта 4 жарым ай отурдум. Анан дагы болжолу менен 2 жарым жыл отурдум. Экиге көбөйтсө беш жыл болот экен. Убактылуу абактагы (Сизо) бир күн эки күн катары эсептелет да.

Ал эми «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев Феликс Куловду боштондукка чыгаруу үчүн аракеттер улантыла берээрин билдирет:

- Биздин бирден-бир койгон маселебиз - бул Феликс Куловдун бошотулушу. «Арнамыс» партиясы жана башка Кыргызстандагы анын жактоочулары, ошондой эле эл аралык айрым уюмдар Феликс Куловдун камалышы - бул саясый түрдөгү иш деп баалап келет. Ошондуктан Куловду бошотууну талап кылуудабыз.

Ошентип, Феликс Куловду боштондукка чыгаруу маселеси, мейли, жергиликтүү саясатчылар тарабынан болсунбу, мейли, эл аралык уюмдар тарабынан болсунбу, ар убак көтөрүлүп келгени менен анын эркиндикке качан чыгаары азырынча белгисиз кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG