Жыйындын соңунда баш-аягы 19 документке кол коюлду. Анын ичинде 9 маселе отурумда талкууланып, жактырылды. Ал эми 10 маселе КМШ өлкөлөрүнүн эксперттери тарабынан буга чейин даярдалгандыктан талкуусуз эле дароо кабыл алынды.
Бул жолку жыйында талкууланган 9 маселенин арасында КМШ өлкөлөрүнүн аймагында траспорт каттамын жеңилдетүү тууралуу келишимди өзгөчө атап кетүүгө болот. КМШ өлкөлөрүнүн аткаруу комитетинин катчысы Юрий Яровдун айтымында, мындай келишимдин долбоору КМШнын экономикалык кеңешинин 2003-жылдын 5-сентябрындагы отурумунда жактырылган жана мындай келишим күчүнө кирсе шериктешке кирген өлкөлөрдүн өз ара экономикалык байланышын чыңдоосуна өбөлгө түзөт. Мындан сырткары отурумда "Мир" телерадио компаниясынын башчысынын маалыматы угулуп жактырылды.
Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн антитеррордук борборунун төрагасынын орун басарлык кызматына буга чейин ушул эле кызматты аткарып келген Кыргызстандын өкүлү Валерий Вершагиндин өз милдетин аткаруусуна макулдук берилди. КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын келерки отуруму 2004-жылдын 15-сентябрында Астана шаарында өткөрүлө турган болду.
Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн отурумуна төрагалык кылуу милдети Кыргызстандын өкмөт башчысынан Молдованын өкмөт башчысына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө табийгат кырсыгынан жабырланган өлкөгө тез жардам берүү максатында биргелешкен фонд түзүү тууралуу макулдашууга кол коюлду.
Аталган фондду түзүү демилгеси Кыргызстан тарабынан көтөрүлдү. Бул тууралуу отурумда Өкмөт башчысы Николай Танаев буларга токтолду:
- Соңку жылдары кимдин ким экендигине карабаган табигат кырсыгы барган сайын көп учуроодо. Табигат кырсыгын баардык эле КМШ өлкөрүндө олуттуу материалдык чыгымды алып келүүдө. Маселен, соңку бир жылдын ичинде эле Кыргызстандын аймагында 130-150гө чейин табигат кырсыгы болгон. Ал эми 1998-жылдан бери табигый кырсыгынан Кыргызстанда 840 күтүүсүз кырдаал түзүлүп, 292 адам каза болгон. Ушундан улам биздин көз карашыбыз да күтүүсүз кырдаалдарга учураган өлкөгө биргелешип жардам берүү үчүн шериктештике кирген өлкөлөр тарабынан атайын фонд түзүү зарылчылыгы бышып жетилди, - деди Николай Танаев.
Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн аткаруу комитетинин башчысы Юрий Яровдун айтымында, аталган фондго кайсы өлкө канча каражат бөлүү жана башка уюштуруу иштерин даярдоо биргелешкен комиссияга тапшырылды. Отурумдун соңунда маалымат жыйын өткөрүлдү.
Украинанын Кыргызстанга Совет биримдигинен калган 28 млн. доллар карызы качан төлөнөт деген суроого Украинанын өкмөт башчысы маселе учурда тийешелүү эксперттер тарабынан каралып жаткандыгын айтып, карызды төлөө келечекте чечиле тургандыгын маалымдады.
Ал эми Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташуу тууралуу Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадков буларды айтып берди:
- Бүгүнкү күнү аскердик-техникалык, сиз айткандай, аскердик өнөр жай тармагындагы кызматташтык жетишерлик деңгээлде өнүгүүдө. Бул маселе бүгүн Аскар Акаев менен жолугушууда да талкууланды. Бул жаатта Орусияда жана Кыргызстанда жетишерлик мүмкүнчүлүктөр бар, - деди Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадков.
Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары 17 - апрелде өз мекенине кайтып кетет.