Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

“Рентонгрупп” компаниясына акчасын алдатып жиберген атуулдар пикетке чыгышты


БИШКЕК. Бүгүн “Рентонгрупп” компаниясына акчасын алдатып жиберген 1000ге жакын атуул Бишкектеги Горькийдин эстелигинин жанына пикетке чыгышты. Алар кыргыз бийлигинен компанияга алдатып жиберген акчаларын кайрып берүүгө жана “Рентонгрупптун” жетекчилерин жоопко тартуу сунушун коюшту. Бул тууралуу бүгүн акчасын алдаткан атуулдардын төрайымы Татьяна Дагазиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында пикетчилер өкмөттүн, ички иштер кызматынын, улуттук банктын өкүлдөрү менен жолугушуп, аманатчылардын маселесин чечүү багытында иш чара колдонуусун өтүнүштү.

Пикетке чыккандар өкмөт өкүлдөрүнө, акчасын алдатып жиберген атуулдарга “Рентогрупп” компаниясынын мүлкүн бөлүштүрүп берүүсүн жана моралдык, материалдык чыгымдарга жол берген мамлекеттик баалуу кагаздар комитетин сотко берүү сунушу менен кайрылышты.

Ошондой эле, Татьяна Дагазиева Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынан мамлекеттик бюджетти караган учурда акчасын алдаткан атуулдардын чыгашасын кароо өтүнүнүчү менен кайрылышаарын маалымдады. Ал эми пикетке келип алардын укугу тууралуу кеңеш берип жаткан укук коргоочу Турсунбек Акунду “коомдук жерде үгүт иштерин жүргүздү” деп, 1-май райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери райондук бөлүмгө алып кетишкен. Алар Турсунбек Акундун үстүнөн тийешелүү документтерди толтуруп, Биринчи май райондук сотуна тапшырышты. Соттук териштирүү дүйшөмбү күнү болоорун Турсунбек Акун бүгүн “Азаттыкка” билдирди.

XS
SM
MD
LG