Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Багдад шаарына келчү жолдорду америкалык аскерлер жабууда


Америкалык аскерлер бүгүн Багдад шаарына түндүк жана түштүктөн келген жолдорду жапты. Катар мамлекетиндеги "ал-Жазира" сыналгысы туткунга түшкөн америкалык солдат Кейт Мопинди көрсөттү, ал - 9-апрелде жоголуп кеткен эки аскердин бири болуп чыкты. Аны кармаган согушкерлер америкалык туткунга түшкөн ирактыктарды бошотууну талап кылууда. Кечээ күнү барымтага алынган эки жапаниялык журналист бүгүн бошотулду. Дубаиде кызмат сапары менен жүргөн Жапаниянын тышкы иштер министринин орун басары Ичиро Айзава ал тууралуу минтип билдирди: "Эки жапаниялык туткун бошотулуп, Жапан элчилигине жеткирилгени тууралуу кабарды биз кечки беш жарымда уктук, мен ал кезде Дубаинин ханзадасы менен жолугушуу өткөрүп жаткан. Бул жакшы жаңылык".

XS
SM
MD
LG