Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Иран Кошмо Штаттарды Ирактагы жагдайды курчутканы үчүн сынга алды


ТЕГЕРАН. Бүгүн Иран Ирактагы жагдайды жайгаруу боюнча ырасмий Тегерандын демилгелерине колдоо көрсөтпөгөнү үчүн Кошмо Штаттарына нааразылык билдирди. Муктада Садр менен америка күчтөрүнүн ортосундагы тирешүүнү токтотуп, тараптарды бир ымалага келтирүү үчүн Иран өзүнүн дипломатиялык делегациясын Иракка жиберген болчу.

Бүгүн Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Азефи “Вашингтондун “чоң муштум саясаты” Ирактагы абалды аябай курчутту” деп билдирди. Азефинин айтымында, Ирактагы уланып жаткан кандуу кагылышуулар Ирандын дипломаттары менен Муктада Садрдын жана шийилердин лидери аятолла Али ас-Систани менен жолугушууга мүмкүндүк берген жок. “Вашингтон Ирактагы бийликти Бириккен улуттар уюмуна же ирактыктардын өзүнө өткөрүп бермейинче Иран Ирак маселеси боюнча мындан ары Кошмо Штаттары менен кызматташпайт” – деп билдирди Хамид Реза Азефи.

XS
SM
MD
LG