Аялдардын дене жашырып жүрүүсүн Оштогу дин адамдары толук колдойт. Ошол эле кезде алардын көпчүлүгү кыз-келиндердин бетке паранжы жамынганын азыркы заманга кооштура алышпайт. Сөз Ош шаардык казыяттын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Закиралы Сыдыковдо:
- Аялдын бетин чүмкөп жүрүшү Курандын аяттарына туура келе турган нерсе. Келин-кыздарга паранжы жаап алыштын анчалык деле кажети жок болсо керек.
Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Ислам цивилизациясы институтунун директору, педогогика илимдеринин кандидаты Темир Жоробеков аялдардын дене жашырып жүрүүсү исламга эмне максат менен киргизилгенине токтолуу менен өз сөзүн баштады:
- Нур сүрөөсүнүн 31-аятында аялды коруш максатында кийинүү керек дейт. Негизги максаты бузукулукка баруучу жолдон сактоо. Кыргыз элинин элечек кийгенин карап көрсөк элечек деле аялды коруп атат, баардыгын жаап.
Темир Жоробековдун айтымында, бетти чүмбөттөө Куранда так айтылган эмес:
- Бетти чүмкөө дагы ачык айтылган эмес. Паранжы дегенге мен деле каршымын.
Бирок денесин жашырып жүргөн сырдуу аялдарга каршы мыйзам иштеп чыгуу Темир Жоробековдун пикиринде туура эмес:
- Динди саясат менен аралаштырып атышат. Мисалы Францияда азыр барган сайын мусулман мамлекеттеринен келген калктын саны өсүүдө. Германияда да жагдай ошондой. Алар ачык айта албайт экен "башка улуттун өкүлүсүң - кет" деп. Ушундай жолдор менен тоскоолдук кылышып, ошонун ишенимине таасир эткенде, жоолукчандардын көтөрүлүшү, каршылыгы пайда болууда. Орусияда да ушундай проблемалар чыкты эле, азыр паспортко жоолукчан түшүүгө уруксат беришти. Бул адамдардын ишенимин урматтоо катары кабыл алынды.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев чүмбөт кийим менен жүргөндөр Конституцияга каршы иш кылбаса болду, өз эркинче жүрө беришсин деген пикирде:
- Биз эгемендүү мамлекет болуп, өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алгандан кийин адамдар кандай кийинишет, кандай жүрөт - ал өз эрки, атуулдук укугу. Мында чочулай турган негиз жок. Аларды кылмышкерлер катары караганда деле туура болбойт.
Ошто ансыз деле айрыкча паранжы жамынып жүргөндөрдү өткөн доордун саркындылары катары жектегендер толтура. Алар менен айрыкча жаштар келише албайт. Студент Аиданын пикири:
- Кудай берген жүздү жашырган логикага туура келбейт. Паранжы жамынгандарды көрсөм итиркейим келет.
Мектеп мугалими Сабыргүл Кадырова мындай дейт:
- Кыргыз эч качан паранжы жамынган эмес. Ислам динин, кыргыз элин азыркы цивилизациялуу доордо дүйнөгө шерменде кылбаш үчүн эч убакта паранжы жамынбаш керек эмес.
Ырас, Ошто деле өз эрки менен денесин көрсөтпөй, жабык кийинип жүргөн кыргыздар кезигет. Бирок өз эрки менен паранжы жамынган кыргызды табышка мүмкүн болбосо керек.