Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:56

«Атамекен» социалистттик партиясы шайлоого даярдыктарды көрүүдө


ЖАЛАЛАБАТ. Бүгүн «Атамекен» социалисттик партиясынын Жалалабат облусундагы бөлүмү Базаркоргондо келээрки шайлоолорго байланыштуу маселелерди талкуулады. Партиянын жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин билдирүүсү боюнча жергиликтүү жана Жогорку Кеңешке боло турган шайлоолорго даярдануу, шайлоочулардын көңүлүн ата-мекенчилерге буруу талкуусу Базаркоргон районунда өттү. Анда айыл, район, шаардык жана облустук кеңеш депутаттыгына көп талапкерлерди сунуш кылуу жана партиянын таасирин эл ичинде арттыруу демилгеси көтөрүлүп, Ноокен, Базаркоргон райондорундагы ар бир шайлоо округуна коюлуучу талапкерлердин тизмеси такталды. Азырынча партиядан жергиликтүү кеңеш депутаттыгына талапкерликке 62 талапкер көрсөтүлүшү белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG