Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

ЖЫЛ ЖАКЫРЧЫЛЫКТАН ЖАПЫРТ ЧЫГУУ ДЕП ЖАРЫЯЛАНГАН, КАЙТАРЫМЫ КАНДАЙ БОЛУУДА?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 2004-жыл Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы аталып, жакырчылыкка каршы жапырт күрөш жүргүзүү урааны көтөрүлгөн. Бул ураан иш жүзүндө кандай аткарылып жатат?. Жакырчылыкка баткан карапайым калктын турмуш-шарты жакшырабы? Мына ушул суроолор бийлик менен оппозициянын талаш-тартышын жараткан маселеге айланууда.

Өткөн жылдан бери жакырчылыкты кыскартуу үчүн жапырт жигерденүү же социалдык мобилизациялоо урааны көтөрүлүп, эл арасында иш чаралар жүргүзүлүп келет. 5 жыл башта калктын 70% эң жакыр турмушта жашаарын бийлик моюнга алып, андан чыгуунун жолун издей баштаган. Жакырчылыктан чыгуунун атайын программасы иштелип чыккан. Жыл сайын жакырчылыкты 5% га кыскартып отуруп, 2010 жылга чейин кедейликти 2 эсеге чейин азайтууга болоорун иликтеп чыгышкан. Ага кошумча өткөн жылы социалдык мобилизациялоо, өлкөнү акыйкат башкаруу демилгеси көтөрүлүп, аны аткаруу үчүн 2004-жыл атайын белгиленген.

Бул тууралуу Мамлекет башчысы Аскар Акаев:

- Социалдык мобилизациялоо, экономикалык иш аракеттердин эркиндиги жана ак ниет башкаруу аркылуу биз негизинен кедейчиликти кыскартууга жана адамдардын татыктуу жашоосун камсыз кылууга чечкиндүү кадам жасоого тийишпиз. 2010-жылга чейин кедейчиликти 2 эседен кем эмес кыскартуу жана 10 жыл аралыгында калктын реалдуу кирешесин 2 эсе жогорулатуу зарыл.

Бирок Мамлекет башчысынын мындай чакырыгынын аткарылышына көпчүлүк саясатчылар ишенбей келет. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Апсамат Масалиевдин пикири боюнча азыркы бийлик түп тамырынан бери өзгөрүлмөйүнчө жалпы эл жакыр турмушунан арылбайт.

- Бул үчүн азыркы бийликтин саясатын такыр өзгөртүү керек. Ансыз бул иш жүзүнө ашпайт. Эгер саясатка, реформага түзөтүү киргизбесек өзүнөн-өзү эле жакшы болуп кетпейт. Анан дагы отуруп элдин арасынан нааразычылк көбөйөт.

Ал эми Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов социалдык мобилизациялоо аркылуу элди жакырчылыктан арылтууну мындайча түшүндүрөт:

- Эң негизгиси баарыбыз болгон мүмкүнчүлүк, болгон каражат, болгон ресурстарды кризис убагында кедейленип кеткен үй-бүлөөлөргө жардам берип, баарын тегиз көтөрөлү. 2004-жылы эл турмушун оңогонго жардам бере турган эмне иш чаралар болсо ошону аткарышка арнаган жыл болуп отурат.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров курулай ураан менен кедейчиликти жоюу мүмкүн эместигин белгилеп, ага буларды кошумчалады:

- Биз качан өзүбүз эгемен экономикалык саясат жүргүзмөйүнчө, өзүбүздө өндүрүш болмоюнча бул көрүнүш улана берет. Кедейчилик жоюлбайт.

Демек жакырчылыкты жоюу боюнча бийликтин пикири менен анын оппоненттеринин көз карашы ар башка. Ал эми карапайым калктын жашоо шарты азырынча жакшырып кетпегенин байкоочулар байма-бай айтып келет.

XS
SM
MD
LG