Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

РОССИЯДАГЫ ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫ


Султан Раев, Бишкек Россияда Эберт фонду орус атуулдарынын арасында "Бүгүн кимдер Россия үчүн коркунучтуу" деген социологиялык изилдөө жүргүзгөн. Бул изилдөөгө катышкандардын көпчүлүгү мусулман дүйнөсү деп жооп берген. Акыркы кездеги террордук акциялар Россияда иштеп жаткан мусулман эмгек мигранттарынын абалын ансайын татаалдаштырып, укук коргоо органдары катуу текшерүү чараларын көрүп жатат. Мына ушул түзүлгөн кырдаалдын тутумунда Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын ал-абалы, алардын баштан өткөрүп жаткан проблемалары тууралуу Ыбрай Аким сереп салат.

Россияда «Толеранттуулук жана массалык аң-сезим» аттуу чоң масштабдагы социологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Россиянын жарандары бүгүнкү орчундуу маселелерге өздөрүнүн көз караштарын билдирген. Айрыкча, өлкөдөгү стабилдүүлүк маселеси, социологиялык изилдөө объектисинин негизги маселеси катары каралып, Россия жарандарынын көйгөйүндөгү башкы проблемалардын реалдуу жыйынтыгы билдирген. Аталган социологиялык изилдөө жыйынтыгы бүгүнкү Оруссия жарандарынын азыркы түзүлгөн кырдаалга карата көз карашы катары баалоого болот деп тастыктайт, өлкөдөгү кадыр-барктуу гезиттердин бири «Московские новости» гезити. Россияга эң коркунучтуу туудуруп жаткан орчундуу маселе кайсы деген суроого сурамжылангандардын 34,5 пайызы Америка Кошмо Штаттары деп жооп берсе, ал эми экинчи орунда мусулман дининин өкүлдөрү деп жооп беришкен. Мына ушул жагдайдан улам россиялыктардын мусулмандарга карата жүргүзүлүп жаткан мамилесин, алардын бул проблемага болгон көз карашын билүүгө болот. Мына ушул кырдаалдан улам Россиянын ар кайсы чөлкөмдөрүндө мыйзамдуу да мыйзамсыз да иштеп жаткан кыргызстандыктардын маселеси эң орчундуу жагдайды туудуруп жатат дейт аналитиктер. Маселен алардын Кыргызстанга канча көлөмдөгү акча таап келээрине эмес, аларга, б.а. эмгек мигранттарына карата мамлекеттик саясаттын ырааттуу жүргүзүлүшүндө. Ар бир өлкө өз жарандарынын тагдырына кызыкдар болуш керек дейт, Екатеринбург шаарында иштеп, ал жерден милиция менен рэкеттерден кордук көрүп, акча эмес, кара жанын аман алып келген Эргеш Камчыбеков. Россиядагы акыбал акыркы Өзбекстандагы болгон террордук жардыруулардан кийин Борбор Азиядан келген эмгек мигранттарына карата өзгөчө мамилени жүргүзүп калды. Ырас, россиялык иш берүүчүлөрдүн көпчүлүгү Кыргызстандык жалданма жумушчуларды башка өлкөлөрдөн келген жарандарга караганда бир кыйла дурус баалашат. Ошол эле Москва шаарында буга дейре көчө шыпыруу, коммуналдык иштер молдован менен грузиндердин колунда болсо, акыркы кездерде ал жумушту москвалыктар кыргызстандык жалданма жумушчуларга көбүрөөк ишенип берерин ошол "Московские новости" гезити жазган. Москванын негизги көчөлөрүнүн бири Арбатта негизнен Кыргызстандан барган жарандар иштешет деп жооп берди Москва шаарынын бийлик өкүлдөрү. Кыргызстандан барган эмгек мигранттарына жардам берүү маселесин негизги милдет катары караган "Кыргыз биримдиги" коомдук уюмунун башкарма мүчөсү Турсумбай Кубатбеков аны төмөндөгүдөй баяндады:

- Бул жерге келип жүргөн элдин көбү курулушта, базарда жана көчө шыпырып жүрүшөт. Себеби кыйналып, айла жок келип атышат. Мигранттар Москвада бир миллионго жакын. Екатеринбургда эле 100 миңден ашык.

Кыргызстандык эмгек мигранттары көпчүлүк учурда кордукту укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен, башкача айтканда милиция кызматкерлеринен көрө тургандыгын текши ооздон билдиришти. Москвадагы "Кыргыз биримдиги" уюмунун мүчөлөрүнүн билдиргенине караганда, кыргызстандык эки жаранга милиция кызматкерлери жок жерден эле жалаа жап, алардын чөнтөгүнө наркозаттарды салып коюп, алардан акча талап кылуу менен ак жерден торго салган. Азыркы күндө алардын актыгын коргоп, "Кыргыз биримдиги" уюму Москва шаарынын укук коргоо органдарына кайрылып жатышкандыгын билдирди.

Кыргызстандан Россияга 1 миллионго жакын жарандар эмгек мигранттары болуп жүрсө эмне үчүн өлкөдө аларга ыңгайлуу климат түзүлүп берген эмес, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаровго кайрылганыбызда ал төмөндөгүлөрдү баяндады:

- Биринчиден ага бир канча себептер бар. Эгер Кыргызстандын кээ бир иштеген аймактарын айта турган болсок, жердин жетишпегендигинин натыйжасында. Экинчиден, Бүткүл дүйнөлүк банктын, валюта фондунун сунуш кылган программасынын негизинде өтө чоң мекеме, ишканалардын жабылып калгындыгынын кесепети. Бир сөз менен айтканда, акыркы кездерде жүргүзүп аткан агрардык, экономикалык саясаттын туура эместигинен, бир сындырым нан татабабыз деген максаттар менен башка жактарда иштеп жүргөндүгүнүн бирден бир себеби ошол.

Эмгек мигранттарынан Россияда иштөөсүндөгү негизги коркунучтарынын катарына кайсы маселени коёсуңар дегенде. Алардын биринчиси орус жаштарынын арасындагы башка улуттарга болгон жек көрүүчүлүк, башкача айтканда - ксенофобия. Экинчиси, жаштар арасындагы фашисттик маанайдагы топтор, башкача айтканда - скинхеддер.

XS
SM
MD
LG