КАРАКОЛ. Облус губернатору Токон Шайлиеванын республиканын калайык калкына кайрылуусун колдоого болот. Себеби ал кайрылууда Ысыккөлдүн инфраструктурасын жакшыртуу демилгеси көтөрүлдү дейт Кыргызстан социал демократия саясий партиясынын облустагы лидери Докдурбай Мусабеков. Бирок билдирүү ээлеринин пикирине караганда, Ысыккөлдүн экологиясынын коопсуздугун коргоо боюнча мындан да эки жолу марафон өткөн. Ал иш чарадан түшкөн акча каражаты кайда жумшалды, бул тууралуу элге так маалымат берилбейт. Ошондуктан нечен айлап маяна албаган, ансыз да жону жукарып турган айрым бюджеттик мекемелерди кыйнап, көп түкүрсө көл болот деп алардын намысын ойготуунун зарылчылыгы барбы? Дегинкиси акча чогултуунун өнөктүгү токтосо, же ортого түшкөн акча жалпы элдин кызыкчылыгына жумшалса дешет билдирүү ээлери.
21-апрелде Социал-демократиялык партиясынын «Ысыккөл улут сыймыгы» деген ат менен өтүүчү марафон боюнча билдирүү таратты