Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

“Эмгек кодекси” такталууда


БИШКЕК. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын “Эмгек, социалдык саясат жана ардагерлер маселеси” боюнча комитети жыйын өткөрүп, өкмөт тарабынан сунушталган бир топ мыйзам долбоорлорду карашты. Комитеттин депутаттары «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык жеңилдиктер жөнүндөгү» өкмөттөн сунушталган жаңы мыйзам долбоорун кайрадан толуктап иштеп чыгып, долбоорду палатанын кийинки кароосуна алып чыгууну эп көрүштү. Депутат Исмаил Исаковдун пикиринде бул мыйзам долбоор премьер-министрдин катышуусунда каралышы керек. Ал эми “Эмгек кодексинин жаңы долбоорун” кароодо айрым депутаттардын пикиринде, долбоордо бир топ мүчүлүштүктєр орун алган жана андагы айрым негизги нормалар «Акционердик коомдор жөнүндөгү» жана башка мыйзамдарга каршы келет. Ушул себептен улам, эмгек кодексинин долбоорун өкмөт тарабынан кайра иштеп чыгуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG