Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:34

ТАЖИКСТАНДЫК БООРДОШУБУЗ АКЫЙКАТТЫК ИЗДӨӨДӨ


Азиза Турдуева, Бишкек 8 жылдан бери Кыргызстандын коргоо министрлигинде кызмат өтөп келген Тажикстандык этникалык кыргыз кызматынан мыйзамсыз кетирилгендигин далилдөөгө аракет көрүүдө. Учурда бул маселе боюнча соттук териштирүү республиканын аскер сотунда улантылып жатат.

1996-жылы Кыргызстандын коргоо министрлигинин Тажикстандын коргоо министрлигине жолдолгон расмий өтүнүчү боюнча ошол мезгилде тажик армиясында кызмат өтөп жаткан Ражап Абдурасулов Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөөгө которулган. Бул жөнүндө Р. Абдурасулов өзү мындай дейт:

- Мен өзүм армияда 1985-жылдан бери кызмат өтөп жүрөм. Украинада окуп, Россияда кызмат кылганмын. 1996-жылы кыргызстандын коргоо министрлигинин жетекчилиги атайын өтүнүч менен Тажик тарапка кайрылып, мен Кыргызстанда аскер кызмат өтөй баштаганмын. Москвадан аскер Академиясын бүтүргөмүн. Азыр Кыргызстанда кызмат өтөп жатам. Мага Кыргызстандын коргоо министрлиги подполковник жана полковник аскер наамдарын ыйгарган.

Ал эми өткөн жылдын август айында коргоо министри Эсен Топоевдин буйругу менен Ражап Абдурасулов кызматынан бошотулган. Ошондон бери полковник Абдурасулов анын кызматтан бошотулушу мыйзамсыз болгондугун далилдөө аракетин көрүүдө:

- Мен көп жерлерге кайрылдым. Президенттин администрациясына, кыргыз парламентине, башка жерлерге. Мен кайрылган кишилердин баары таң калып атышат. Кыргызды, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө, Баткен согушунда, башка жерлерде Кыргызстан үчүн, Кыргызстанды коргойм деп жүргөн кишини ушундай түрдө кызматынан алып салгандыгына таң калып атышат, - дейт Абдурасулов.

Буга чейин Р.Абдурасуловдун бул иш боюнча доо арызы Бишкек шаардык аскердик сотунда каралып, сот министр Топоевдин буйругунун мыйзамсыздыгы боюнча чечим чыгарган. Бирок, коргоо министри соттун мындай чечимине карата аппеляциялык арызы менен республикалык аскер сотуна кайрылган. Учурда бул иш боюнча сот жараяны республикалык аскер сотунда судья Закирбай Мамытовдун төрагалыгында каралууда. Соттук териштирүүдө коргоо министринин өкүлү катары катышып жаткан Даниэл Жаркеевдин айтымында министрдин полковник Абдурасуловду кызматынан бошотуу жөнүндөгү буйругу мыйзамдуу:

- Менин пикиримде, Абдурасуловдун бошотулушу мыйзамдуу болгон. Анткени, куралдуу күчтөдүн катарында болуу үчүн Кыргызстандын атуулу болушу шарт. Экинчиден, ал Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк атуул катары өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катарында эл аралык Келишимдерге ылайык, эл аралык аскер бөлүктөрүнүн курамында болууга укуктуу. Ал эми Абдурасулов бул жерге андай макулдашуулардын негизинде келген эмес, - дейт коргоо министрлигинин өкүлү Жаркеев.

Чындыгында эле, Абдурасулов Кыргызстанда жашаганы менен, Кыргызстандын атуулдугун ала элек. Бирок, республиканын паспорттук-визалык башкармалыгынан маалымдашкандай, ал Кыргызстандын атуулдугун алууга арызы менен расмий түрдө кайрылган жана бул өтүнүч учурда каралууда. Ал эми «Атуулдук жөнүндөгү» мыйзамга жана президенттин атайын жардыгына ылайык, этникалык кыргыздарга Кыргызстандын атуулдугу жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен берилет.

Полковник Ражап Абдурасуловдун пикиринде, министр Эсен Топоевдин буйругунда Конституциядагы атуулдардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына кепилдик берген, атуулдарды кандайдыр бир себептер менен дискриминациялоого жол бербеген, Кыргызстанда ратификацияланган Эл аралык Келишимдерди аткаруу боюнча милдеттер каралган бир катар беренелер, 1992-жылы КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда кол коюлган «Аскер кызматчыларынын социалдык жана укуктук кепилдиктери жөнүндөгү» Макулдашуунун экинчи беренеси, ошондой эле Кыргызстандын «Аскер кызматчынын статусу» жөнүндөгү мыйзамынын экинчи беренеси бузулган. Бул беренеде аскер кызматчысынын статусуна Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндөгү кызматтагы Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн атуулдары, ошондой эле Кыргызстанда кызмат өтөп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн атуулдары ээ деп айтылган. Министр эгерде Абдурасулов аттестациядан өтпөй калган учурда кызматтан бошотууга укуктуу эле. Бирок, 4 жылда бир жолу өткөрүлүп туруучу аттестация соңку ирет 2002-жылы болгон. Анын жыйынтыгы боюнча Абдурасуловго кызматынан жогорулатуу сунушу айтылган.

Буга чейин парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, палатанын коргоо маселелери боюнча Комитетинин төрагасы, мурдагы коргоо министри Мырзакан Субанов да министр Топоевдин Ражап Абдурасуловду кызматынан бошотуу жөнүндөгү буйругу мыйзамсыз деген корутундусун президенттин администрациясына жолдогон.

Биз бул маселе боюнча Эл аралык укук боюнча айрым адистерге да кайрылдык. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өлкөлөр аралык Макулдашуулар боюнча эксперти, Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Эрик Асаналиев төмөңкүдөй пикирин билдирди:

- Ал адам Тажикстандын атуулубу, биздин атуулбу, Кыргызстандын куралуу күчтөрдө кызмат өтөгөндөн кийин, аскер кызматчысы катары мыйзамда каралган анын саясий, социалдык укуктарынын баары сакталышы керек эле. Ал куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги менен чакырылып келгенден кийин, биздин коргоо министрлиги буга чейин анын атуулдугуна байланыштуу маселени көтөргөн эмес. Бул жылдар ичи министрлик аны чет өлкөлөргө командировкаларга жөнөткөн, паспорттук-визалык башкармалыгына ага паспорт жазып берүүгө атайын өтүнүч кат жөнөткөн экен. Ал эми анын атуулдулдугуна байланыштуу маселени министрлик буга чейин эле, 8 жылдын ичинде чечип койсо болот эле. Бул маселе каралган эмес, - дейт Эрик Асаналиев.

Ражап Абдурасуловдун доо арызы боюнча соттук териштирүү республикалык аскер сотунда 23-апрелде улантылат.

XS
SM
MD
LG