Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

ЭЛ АРАЛЫК АВТО ЖОЛ ТҮЙҮНҮНӨ КОШУЛУУ КЫРГЫЗСТАНГА КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕТ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек 26-28-апрель күндөрү Шанхайда БУУ нун Азия жана Тынч океан өлкөлөрү боюнча комиссиясынын жыйыны болот. Анда Азия менен Европа өлкөлөрүн байланыштыруучу авто жол түйүнүн түзүү боюнча келишимге кол коюлат.

БУУ нун Азия жана Тынч океан жээгиндеги өлкөлөр боюнча Экономикалык жана социалдык комиссиясынын жыйынына Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов катышат. Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү боюнча башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, жыйында Азия өлкөлөр менен Европаны байланыштырган авто жол түйүнүн түзүү тууралуу келишимге кол коюлат. Мындай келишим тууралуу Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министринин Эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы Темир Ниязбеков «Азаттыктын» кабарчысына буларды маалымдады:

- Бул Азия менен Европа өлкөлөрүн байланыштырган, өзүнчө белги коюлган эл аралык жол түйүнү болот. Ошондой эле жолдун багытын аныктаган карта чийилет. Бул жол Япониядан башталып, Азия, Борбор Азия, Түркия, Орусия аркылуу Европа өлкөлөрүн байланыштырат. Мындай келишим биринчиден, эл аралык жолдогу айдоочулардын түйшүгүн жеңилдетет, экинчиден, келишимде эл аралык жол түйүнүнө кандай жолдорду киргизүү боюча шарттар болгондуктан, эл аралык жол каттамына кошулган жолдордун сапаты жакшырталат. Бул жолго Кыргызстандан Эркештам, Торугарт жана Бишкек-Ош жолу кошулду. Мындай келишимге Аскар Айтматов барып кол койот.

Ошондой эле Ниябеков Кыргызстандын мындай эл аралык авто жол түйүнүнө кошулуусунун мааниси боюнча буларга токтолду:

- Бул Кыргызстандын транзит өлкө болуусуна карата жасалган алгачкы кадам. Эгерде Кыргызстан транзит өлкө болсо анда биз бул жолдон экономикалык пайда да ала аларыбызга шек жок. Анткени биз көптөн бери дүйнө базарына чыгууну көздөп келебиз.

Андан аркы сөзүндө Ниязбеков мындай келишим дароо эле күчүнө кирбей тургандыгын, келишимге кирген өлкөлөрдүн аймагында эркин жол каттамы камсыз болуш үчүн дагы бир катар өкмөт аралык келишимдер керек экендигин кошумчалады.

Мындай келишимдин айрыкча Кыргызстан сыяктуу деңизге жакын эмес өлкөлөр үчүн мааниси чоң. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Марат Султанов мындай дейт:

- Бул долбоор абдан жакшы долбоор. Кыргызстан мындай демилгени беш колдоп, колдош керек. Анткени учурда Кыргызстан туюк өлкөлөрдөй болуп калды. Бул жагынан өзбектер, тигил жагынан, казактар бут тосууда. Кытай жак менен чыгайын десе, жакшы жол жок. Эгерде бул жол Кыргызстан аркылуу өтө турган болсо, өлкөнүн өнүгүшүнө жакшы өбөлгө түзөт. Анкени биз транзиттик өлкө болуп калып, саясий жактан да күчтүү болуп калабыз. Анткени бизден көз каранды өлкөлөр көбөйүп калат. Мисалы ошол эле Өзбекстан Кытайга биз аркылуу өтө баштайт. Ошондо биз Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөр менен болгон маселени чечип, чыгыш базарына чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз.

XS
SM
MD
LG