Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

ГЕРМАНИЯЛЫК МУСУЛМАНДАРДЫН ЭКИ ЧОҢ УЮМУ ТЕРРОРЧУЛУКТУ АЙЫПТАДЫ


Үстүбүздөгү айда Германиянын мусулман жамааттарын бириктирген эки чоң кеңеш террорчулукту ислам дининин табиятына сыйбаган көрүнүш ирети айыптады. Бул мусулмандарды баш коштурган мартабалуу эки уюм чогуу өткөргөн алгачкы жышаана болду. Акыркы жылдары Германияда жашаган түрк тилдүү калктардын Ислам кеңеши менен башка мусулман элдердин Борбордук кеңеши террорчулукту үзбөй, бирок өз-өзүнчө сындап жүрүшкөн.

Германиялык мусулмандардын Борбордук кеңеши менен Ислам кеңеши чогуу жасаган билдирүүдө зобун-зордуктун бардык формалары айыпталып, “террорчулукту колдогон адамдарга” анын “катарында орун жок” экени баса белигенет. Жалпы билдирүүдө андай адамзатка залал келтирчү иш катары 2001-жылдын 11-сентябрында Кошмо Штаттарда жана быйыл 11-мартта Мадриддин темир жол бекетинде болгон удаа-удаа чабуулдар көрсөтүлөт. “Бул сыяктуу зобундукту жасаган адам исламдан актоо таппайт. Исламда адам өлтүрүүгө жана барымтага алууга, башаламандыкты уюштурууга жана террорчулукка тыйуу салынган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мусулмандардын борбордук кеңешине арабдар, босниялыктар менен жергиликтүү немец жана түрк мусулмандары бириккен. Ал эми Ислам кеңешине негизинен теги түрк германиялык мусулмандар мүчө.

Борбордук кеңештин Берлиндеги өкүлү Абдул Хади Хоффмандын айтымында, 11- сентябрь калайманынан бери Борбордук кеңеш жана Ислам кеңеши ар бир жасалган террордук аракетти айыптап келет.
А. Х. Хоффман:

- Силер билгендей, дүйнөдө исламдын атынан кандайдыр бир иш жасалса эле, Батыш коомчулугу мусулмандарды аны айыптоого чакырат. Болбосо Германиянын ислам бирикмелери Рушдиден тартып, бардык болгон калабалуу окуяларды айыптап келет.

Салман Рушди 1998-жылы чыккан “Шайтандын ыры” деген китептин автору. Рушди өз китебинде мусулмандар аздектеп күткөн айрым баалулуктарды шылдыңдап жазганы үчүн, аны кээ бир мусулман өлкөлөрү өлүм жазасына тарткан.

Террорчулукту жектөөгө дембе-дем чакыруу, Хоффман айткандай, Германиядагы мусулман уюмдарынын жетекчилигин эле эмес, карапайым мусулмандарды да бир кыйла кыжалатка салат:

- Бул бизди аз да болсо кыжырдантат. Себеби, Германияда 3 миллиондон ашуун тынчтыкты сүйгөн мусулман бар жана бир окуя болсо эле: “Алар коркунуч туудуруп жатабы?” деп сурашат.

Мындай шартта өлкө мусулмандарынын мартабалуу эки тобунун билдирүүнү чогуу жасаганы өзгөчө маанилүү деп улантат сөздү Абдул Хади Хоффман:

- Биз, германиялык мусулмандар кайрадан террорчулукка каршы туруудабыз. Борбордук кеңеш жана Ислам кеңеши сыяктуу федералдык деңгээлдеги эк атаандаш уюмдун исламга жамынып эч ким зобундук жасабоосу керек экенин чогуу туруп, ачык айтуусу өтө маанилүү.

Германиядагы мусулман уюмдарынын террорчулукту айыптаган билдирүүсү мусулманчылык менен террорчулук жанаша жашайт деген кээ бирөөлөргө жага бербеди.
Тарса-протестанттардын Исламды изилдөө борборунун изилдөөчүсү Кристине Ширрмахердин сөзүнчө, Борбордук кеңеш менен Ислам борборунун билдирүүсүндө “жихад” түшүнүгү камтылбай калганы өкүнүчтүү:

- Менин көз карашымда, алардын кайрылуусунда “Жихад согушу эмне?” деген суроо камтылган эмес. Кайрылууда адам өлтүрүү, калайман жана террор жөнүндө айтылып, жихад тууралуу бир да сөз жок. Мен ошон үчүн Борбордук кеңеш менен Ислам кеңешине : “Жихад деген эмне? Жихадда өлгөн адамдар тууралуу эмне дейсиңер? Алар шейит өлдү деп эсептелеби?” деген суроолорду бергим келет.

Кристина айым бу суроолорду жөн жайынан берип жаткан жок. Палестиналык согушчандар Израилге каршы, ал эми “ал-Каида” уюму Батышка каршы ыйык согуш-жихад жарыялаган..
XS
SM
MD
LG