Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Өкмөт түстүү металлды чет өлкөгө чыгарууга тыюу салган жок


БИШКЕК. Бүгүн өкмөттүн экономикалык саясат боюнча кеңешинин жыйыны болду. Премьер-министр Николай Танаевдин төрагалыгы астында өткөн жыйында үч маселе каралды. Анда түстүү жана кара металл сыныктарын чет өлкөлөргө сатууга тыюу салуу тууралуу Ички иштер министрлигинин сунушу өткөн жок. Кеңештин мүчөлөрүнүн айтымында, металл сыныктарын ташып кетүүгө тыюу салуу менен маселе чечилбейт. Алардын сунушу боюнча, ташып кетүүдөн алынчу бажы төлөмдөрүнүн көлөмүн көтөрүү зарыл. Кеңеш бул сунушту карап, башка чараларды иштеп чыгууга кайра Ички иштер министрлигин милдеттендирди. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы түстүү металлды уурдоо боюнча 1 миң 681 кылмыш катталып, андан мамлекетке 1 миллион 672 миң 320 сом зыян келген. Андан тышкары кеңеш Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги иштеп чыккан «Тышкы маркетингдин стратегиясын» жактырды.

XS
SM
MD
LG