Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

МУФТИЙ М.ЖУМАНОВ: «ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ДАВААТЧЫЛАРГА УРУКСААТ БЕРИЛБЕЙТ»


Кыргызстандагы мусулмандардын дин башкармалыгы ислам дини тууралуу маалымат тараткан даваатчылардын ишин жөнгө салуу тууралуу жаңы жобо бекитти. Ага ылайык чет өлкөдөн келген даваатчыларга Кыргызстандын аймагында үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынды.

- Муратаалы ажы мырза, Кыргызстандагы мусулмандардын уламалар кеңеши өткөн айда ислам дини тууралуу маалымат берүү, тактап айтканда даваат ишин жүргүзүү тууралуу жаңы жобо кабыл алган экен. Алгач биздин радиоугармандарга даваат жөнүндө түшүнүк берсеңиз?

М.ЖУМАНОВ: - Даабат деген чакырык деген сөз. Даабаттын кыргызча мааниси- үгүт, насаат кылуу, исламга, ыймандуулукка чакыруу. Өз учурунда пайгамбарыбыз Мухаммед Алей Салам дагы даабат ишин жүргүзгөн. Ошол себептен бүгүнкү күндө биз ушул пайгамбарыбыз Мухаммед Аллей Саламдын сүннөтү деп, ошол кишинин урматында Кыргызстандын аймагында даабат иштери жүргүзүлүп келе жатат.

- Жаңы жобо кабылдангандан кийин ушул даваат ишин жүргүзүүгө кандайдыр бир тыюу салуулар болду деген маалымат пайда болду. Андай маалымат эмне үчүн чыкты?

- Кыргызстандын түштүк аймагына да барып, Жалалабад, Баткен, Ош облустарынын көрүнүктүү имамдарын, дин кызматчыларын, айрыкча Өзбекстан менен чектешкен райондордун баш имам хатибдерин чакырып, мен муфтий катары аларга эскертме жана талап сөздөрүмдү айтып келдим. "Кошунаң тынч, өзүң тынч" деген сөз бар. Албетте, бизде андай маселе козголбосун. Ошондуктан мечиттерге келген адамдарды текшерип, карап, анан кээ бир учурларда чоочун адамдар келип, башбаанек издеп, мечитте жан сактап кетейин деген учурларга уруксат бербегиле, расмий түрдө Өзбекстандын казиятынын, районунун мөөрүн басып кагаз пайдаланбагыла, чакырбагыла, азыркы жардыруу чыяктуу окуялар учурларында этият болгула деген сөздөрдү мен атайын барып, расмий түрдө эскертип келдим. Ташкенттеги жардырууларга жана "Хизб-ут Тахрир" сыяктуу уюмдардын ар түрдүү аракеттерине байланыштуу Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын аймагында даабат ишин жүргүзүү үчүн даваатчыларды убактылуу жөнөтпөй турабыз деп да казыларга айтып келдим. Ошону кээ бир адамдар «муфтият даваат ишин жүргүзүүнү токтотуптур» деп түшүнүп алышы мүмкүн.

- Андан тышкары даваат жүргүзгөндөрдүн арасында «Хизб-ут-тахрир» жашыруун диний уюму менен байланышы бар адамдар кирген учурлар болгон деген имиштер айтылып жатат. Мунун чындыгы барбы?
Дегеле ислам динин жайылткандар арасына «Хизб-ут-тахрирдин» өкүлдөрү кирген учурлар болдубу?

- Андай факты жок. Кармалган "Хизб-ут Тахрирчилер" кандай жагдайда кармалышканы тууралуу да маалыматыбыз жок. Ал эми «Хизб-ут-тахрирчилер» даваат жүргүзгөндөрдүн ичине жашырын түрдө кирип калса, ага тиешелүү имамдар, даваатты жүргүзгөн даваатчылар, даваат бөлүм башчылары коомчулуктун, муфтияттын алдында жоопкер.

"Хизб-ут Тахрирлердин" чакырыгында да даваатка жүз пайыз каршы экендиги жазылган. Биздин даваатчылар да өз чакырыгында "Хизб-ут тахрирге" 100% каршы. Бул экөөнүн бири-бирине эч кандай тиешеси, жакындыгы, мамилеси жок. Муну ачык, даана билип алыш керек. Анан кийин "Хизб-ут Тархрирлер" расмий, ачык иш жүргүзбөйт. А биз даваатчыларды биз расмий түрдө муфтияттын атынан колуна атайын кагаз берип жөнөтүп атабыз. Эгерде даваатчылар биздин кагазыбызды туура эмес жолго пайдаланса, жергиликтүү имамдар аларга чара колдонууга толук укугу жана мүмкүнчүлүгү бар.


- Ал эми Кыргызстан боюнча канча даваатчы бар?

- Бизде саны жок. Даваатка чыкканда биздин даваат бөлүмү ошолордун тизмесин алат. Буга мажбурлап, зордуктап чыгарбайбыз. Бир адам башчы болот, он кишиби, жети кишиби жазылып, топтолгондон кийин документтерин тактап алгандан кийин башчысын көрсөтүп, анан бир облуска милдеттенме катары жөнөтүлөт.

- Чындыгын айтканда, ушул даваат ишин жүргүзгөндөрдүн кийими, жүрүм-туруму коомдо карама-каршы пикирди жараткан учурлар көп. Жакында эле Ноокат районундагы бир айыл өкмөтүнүн башчысы алар жазгы талаа иштерине тоскоол болуп жатат деп, дин иштери боюнча комиссияга билдирген экен. Бул иш жөнгө салынабы?

- Даваатчылардын кийген кийимдери, анча-мынча иштери пакистандыктарга окшоп кеткен учурлары сиздерди, коомчулукту эле эмес бүгүнкү күнү бизди дагы кыжаалатка салып, тынчсыздандырып жатат. Ошондуктан биз акырындап аларды пакистандык тартипте эмес, Кыргызстандын эле өзүбүздүн улуттук кийимдерди кийип, Кыргызстандын тартибинде даваат жүргүзөлү дегенге толук өткөрүп жатабыз. Чындыгында бул бүгүнкү күндө давааттын рамкага толук түшө электигинин белгиси. Бул маселе акырындап жөнгө салынат.
- Эми муфтияттын «Динди саясатташтырбоо» жөнүндөгү токтому кандай максат жана эмне үчүн кабыл алынды эле? Ошого кененирээк токтоло кетсеңиз?

- Бул токтомду динди саясатка аралаштырып жибербөө үчүн атайын имамдарга, казыларга тапшырма иретинде бергенбиз. Ошондо биз бир эле мисалын айтканбыз, эгерде депутат болом деп бир округдан талапкер болгон бир нече адам чогулуп, же жалгыз-жалгыз мечитке келсе, мечиттин микрофонун берип, ага мечиттин ичинде сөз айттырууга уруксат жок. Имам бир тараптуу болуп алып, "баланча туура экен, күчтүрөөк экен, же баланча күчсүз экен" деген саясат болбосун деген милдет койгонбуз. Токтомдо динди саясатка айландырып, кандай тармакта болсо да динге жамынып алып, "мечит, мердесе куруп берем, мени депутат кылсаңар" дегендерге эч кандай уруксат жок. Андайга шарт да түзбөгүлө. Мечит, медресе курса Кудай үчүн курсун, диндин астында бөлөк шарт болбосун деген мазмун камтылган. Бүгүнкү күнгө чейин расмий имамдар саясатка кийлигишип, бир тараптуу болуп алып чаң чыгарган факты болгон жок. Эгер болуп калса биз тараптан жумуштан алуу, жумуштан алып эле тек койбостон, динди бурмалаганы үчүн, коомчулуктун ичинде уятка салуу чаралары, албетте, колдонулат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин андай маселе болгон жок.

- Маегиңиз үчүн рахмат!
XS
SM
MD
LG