Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

ИРАК: КОАЛИЦИЯ КАНЧАЛЫК БЕКЕМ?


Ирактагы коалицияга мүчө өлкөлөрдүн ичинен учурда Польша бул жерде өз аскерлерин кармоо маселесинде арабөк абалда тургансыйт. Ирактан аскерлерин чыгарып кетээрин буга дейре үч өлкө жарыялаган эле. Ал эми башка бир катар мамлекеттер өз милдеттемелерин түрдүү деңгээлде аткараарын айтып жатышат. Дегеле Ирак боюнча АКШ баштаган аскерий коалиция канчалык бекем?

Азыр Иракта 35 өлкөнүн жоокерлери бар. Коалицияны баштаган АКШнын аскерлеринин саны 135 миңдей. Кошмо Штаттардын эң жакынкы өнөктөшү - Британия 11 миңдей жоокерин кармоодо жана өлкөнүн тышкы иштер министри Жек Стронун бейшембидеги билдирүүсүнө караганда, алар бул жерде дагы бир нече жылга калчыдай.

Ал эми коалициянын калган мүчөлөрү жөнөткөн аскерлердин саны 16 миңден бир аз ашат. Испания , Гондурас жана Доминика республикасы буга чейин жарыялашкандай өз аскерлерин алып кетсе, алардын саны 2 миңге азайган турат. Иракка эң көп аскер жиберген үчүнчү өлкө - Италия, премьер- министри Сильвио Берлусконин айтымында, 2700дөй жоокерин бийлик 30-июнда ирактыктардын өзүнө өткөрүлүп берилгенден кийин да калтырмакчы.

Польшанын болсо Иракта 2400дөй жоокери бар, бирок ага 23 өлкөнүн Ирактын түштүк жана борбордук бөлүгүнө жайгаштырылган 9,5 миң жоокерине жалпы командачылык кылуу милдети да жүктөлгөн. Учурда Польша бул жерде аскерлерди кармоо маселесинде арабөк абалда тургандансыйт. Өлкөнүн кызматынан кетип жаткан премьер- министри Лешек Миллер шаршембиде кабарчылар менен болгон маегинде, алар Испаниянын чечимин көрмөксөнгө салып койо албасын белгиледи. Ал эми коргоо министри Ежи Шмайдзинскинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Польша эгер Ирактын жаңы бийликтери кааласа гана өз аскерлерин 30 –июндан кийин калтырмакчы.

Айтор АКШнын маанилүү өнөктөшү катары эсептелген Польшанын минтип арабөк абалда турушу Ирактагы коалициянын ыркы кете баштадыбы деген кооптонуулардын чыгышын шарттоодо. Америкалык Аспен институтунун Берлиндеги бөлүмүнүн башчысы Жеффри Жедмин коалициядагы бөлүнүп –жарылуунун белгиси террорчулардын кызыкчылыгына гана кызмат кылышы мүмкүн деп эсептейт:

- Польша, Испания, Гондурастын ар бири, ар бир өкмөт, ар бир улут өз кызыкчылыгындагы чечимди кабыл алат. Алар бул жерде өз демилгеси менен жүрөт жана Иракта калууга эч ким мажбурлабайт. Бул -маселенин биринчи өңүтү. Анткен менен экинчи өңүт да бар. Ирактыктарды дээрлик күн сайын өлтүрүп жаткан террорчулар коалицияны, Батышты бөлүп жаруу, биздин чегиндирүү үчүн колдон келгендин баарын жасайт.

Ирак боюнча коалициянын айрым мүчөлөрү, маселен 550 жоокерин жиберген Жапония аскерий операцияларга аралашпайт. Алардын жоокерлери гуманитардык жана калыбына келтирүү иштери менен алектенүүдө. 1600дөй жоокери турган Украина болсо жакында бир жоокерин жоготконуна карабай, өз контингентинде эч кандай өзгөрүү болбосун билдирди. 1300дөй жоокерин жөнөткөн Нидерландия, алардын мандатын бийлик ирактыктарга өткөрүлүп берилгенден кийин узартуу маселесин азырынча чече элек. Иракта 650дөй аскери бар Түштүк Корея дагы 3 миң жоокерин алып келүүнү караштырып жаткан эле, бирок коопсуздук жүйөөсүнөн улам мунун убактысынча токтотту. Ал эми Австралиянын 850дөй жоокери бар. Өлкөнүн тышкы иштер министри Александр Доунер бейшембиде билдиргендей, аларды чыгарып кетүү жоопкерсиздик болмок. Коалицияга биргелешип 1700 жоокер берген Румыния, Дания, Болгария да Ирактагы миссиясын аягына чейин аткараарын ырасташты. 160 жоокер жөнөткөн Грузия болсо быйыл июль айында алардын санын 550гө жеткирээрин билдирүүдө.

Аналитиктердин пикиринде, коалициянын айрым мүчөлөрүнүн аскерий кошумчасы символикалуу гана болгону менен саясий биримдик жагынан караганда алардын катышуусу маанилүү. Алсак Молдова 25 жоокерин, Казакстан 27 гана саперун жөнөткөн. Ушундан улам андан эки же үч өлкөнүн чыгып кетиши да колациянын жалпы биримдигине терс кесепетин тийгизе алат.

Ирактагы жагдай тууралуу Ислам конференциясы уюмунун бейшембиде Малазияда ачылган чукул жыйынында да сөз болууда. Анда Иракка БУУнун бейпилдик күчтөрүн жиберүү чакырыктары айтылды. Бир катар мусулман мамлекеттер Ирактагы иштерде негизги роль БУУга ыйгарылса, өз аскерлерин жиберүүгө даяр экенин ишара кылышууда. Бирок Ирактын Ислам конференциясы уюмуна жыйынына катышып жаткан расмий өкүлү Хамид ал-Баяти алар кошумча аскерлердин келишин каалабасын билдирди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG