Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:17

«СУРКЕ» - ЧЫГЫШ СПОРТУНУН ЖАҢЫ ТҮРҮБҮ ЖЕ КЫРГЫЗ КУНФУСУБУ?


Көп жылдар боюу жашыруун сакталып, муундан муунга өтүп келген каратэ, кунфу- чыгыш өнөрүнүн кыргызга таандык “сурке” түрү жакындан бери ачыкка чыга баштады.

Кыргыздын жоокердик өнөрү,тактикасы тууралуу “Манас”, “Курманбек”, “Жаныш- Байыш”, “Эртөштүк” эпостордо кеңири баяндалган. Илгери эле кытайлык чыгыш өнөрлөрүнүн сырларын билген кыргыздар болгонуна тарых күбө. Каратэнин бир багыты кунфунун жашыруун сакталган стили Кыргызстанда “сурке” спорт түрү катары жаңыдан жүзүн ачууда. Бул кунфу спортунун атактуу чебери Брюс Линин техникасынын уландысы жана кунфунун кыргызча ыкмасы деген ой- пикирлер да айтылууда. Муну негиздеп, коомчулукка алып чыккан Жалалабат коммерциялык институтунун ага окутуучусу Суркеев Бактыбек. Ал бул спорттун жаңы түрүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу мындай дейт:

- «Сурке» спорту-Брюс Ли негиздеген «Jeet Kune Do» техникасынын уландысы жана аны өркүндөтүүгө жасаган аракеттин үзүрү. Бул кунфу чыгыш өнөрүнүн жашыруун стилинин кыргыздардын сактап, эң туура пайдалануу менен түзгөн эффективдүү жана универсалдуу коргонуу техникасы. «Jeet Kune Do» техникасын анализдеп көрсөк, кыймылдын динамикасы математикалык тактык менен негизделген жана кунфунун «сурке» спортунун негизги принциби, чабуулду токтотуу жана атаандашка буруу,бир блок менен мизин кайтаруу, тездик менен аткарылуучу колду кайруу ыкмалары, көз ирмемден 3-5 секунга чейинки убакытта таймашты токтотуу…

«Сурке» спортунун ыкмалары аткарылып жатканда «Манас» эпосунан жоокердик көрүнүштөр айтылып турат. Мунун максаты- жаштарды улуттук ар- намыс, патриоттуулукка үгүттөө. «Манас» эпосун укканда спортчунун кыймылы тездеп, шамдагайлык пайда болуп, адамдын өзүнө ишеними күчөйт. «Манас» эпосунун адамга медитациялык жактан тийгизген чоң таасири илимде азырынча табышмак. Мына ушундай керемет дүйнөнү «сурке» спорту айкалыштырып колдоно баштаганына адистер оң баа беришүүдө.

Деги эле кыргыздарда жана башка көчмөн элдерде каратэ, кунфу, таэквондо, ушу, дзю-до сыяктуу жоокердик өнөрү болгонбу? Балким, ушул «сурке» спорту кыргыздын кунфусу же аскердик өнөрү болбосун? Мына ушундай суроолорго каратэнин кесики түрү боюнча дүйнө чемпиону, философия илимдеринин кандидаты Таалай Эсеналиев мындай дейт:

- Согушуу, аскердик өнөрдүн негиз салуучулары көчмөн элдер болгон.Байыркы бабаларды,гундарды, Атиланы, Чыңгызханды, Манастын доорлорун карап көрсөк, отурукташкан элдер чыгыштын жоокердик өнөрүн көчмөндөрдөн үйрөнүшкөн. Алардын чабуулдарынан коргонуу үчүн кайрадан тереңдетип иштеп чыгышкан. Бирок, тарых булактарында көчмөндөрдүн жоокердик өнөрү тууралуу маалыматтар сакталып калган эмес. Эгерде, мына ушул «сурке» спорт түрү биздин ата-бабалардан мурас болуп келаткан болсо, аны негиздеген тамыры, салты табылса, анда бул - чоң табылга. Чынында эле, кыргыздардын муундан муунга өткөн өнөрү катары өзүнүн дүйнө таанымы, тамыры, тарыхы жана философиясы болсо анда эң сонун болоор эле. Ал эми ар кайсыл стилдерден синтезделген жасалма жол менен пайда болгон спорттун өмүрү кыска болуп, өрүшү кеңейбейт. Жолу ачылбайт, ага болгон ишеним жоголот. Бул үчүн «сурке» спортун көрүп, аны талдоого алуу зарыл. 2-майда Бишкекте кулатуу боюнча өлкөнүн биринчилиги өткөрүлөт. Аларды бул мелдешке расмий чакыруу керек.

«Сурке» - спорту цигун, кунфу, каратэ, кикбоксинг, таэквондо, самбо, дзюдонун практикада ыңгайлуу, эффективдүү ыкмаларынан жыйналган схема дешүүдө. Бул стилдин ыкмалары мурда жашыруун сакталып келгендиктен, мындай ыкма боюнча мелдештер өткөрүлгөн эмес. Жалалабатта атайын спорт ийримдери түзүлүп, машыктыруучулар даярдалып, өзүнчө федерация уюшулуп, өлкөнүн биринчи чемпионатын, биринчиликтерин быйыл күзүндө өткөрүүгө аракет көрүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG