Ливандын эки жеринде өткөн демонстрацияга 7,5 миңдей палестин катышты. Өткөн жума күнү Израилдин премьер- министри Ариэл Шарон ал мындан ары палестин лидери Ясир Арафатка тийбөө жөнүндө АКШга берген убадасын кармана албасын айткан эле. Шарон мындай сөзү үчүн АКШда жана Британияда сынга кабылды. Араб лигасы жана Египет Израилге Арафаттын өмүрүнө залака келтирбөөнү эскертти.