Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:44

Иорданияда ири террактка жол берилген жок


Иордан бийликтеринин билдиргенине караганда, "ал-Каида" уюму менен байланышы бар согушкерлердин карасанатай аракети ашкереленди. Камалгандан кийин күнөөсүн моюнуна алган согушкерлердин айрымдарынын көрсөтмөлөрү кечээ мамлекеттик телекөрсөтүүдөн берилди. Ал программада айтылгандай, камактагы согушкерлер терракты химиялык заттарды колдонуу менен жасоону, өлкөнүн чалгындоо кызматынын, премьер-министрдин кеңсесин, АКШнын Аммандагы элчилигин бутага алууну пландаганын билдиришкен. Аларга тиешелүү көрсөтмө "ал-Каиданын" жетекчилеринин бири Абу Мусаб ал–Заркави тарабынан берилген. Иордан бийликтеринин эсебинде, кокус ушул айдын башында ашкереленген терракт ишке ашса, 80 миңдей адамдын өмүрү кыйылмак.

XS
SM
MD
LG