Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

ОРУСИЯДАН КУРАЛ-ЖАРАК КЕЛДИ


Чолпон Орозобекова , Бишкек 26-апрелде Орусиянын Канттагы аскердик базасында Кыргызстандын Коргоо министрлигине 3 миллион долларлык курал- жарак жана аскердик жабдыктарды тапшыруу салатанаты болду. Орусиянын «Рособоронэкспорт» ишканасы атайын аскердик багыттагы продукцияны бекер берүү программасынын алкагында Кыргызстанга экинчи жолку жардамын көрсөттү. Аны тапшыруу аземине премьер- министр Николай Танаев, «Рособоронэкспорттун» жетекчисинин орун басары Анатолий Исайкин, Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев катышты.

Коргоо минитсрлиги «Рособоронэкспорт» менен мындай келишимге былтыр август айында кол койгон. Министрликтин басма сөз катчысы Мирбек Койлубавдин айтымында кыргыз тарап аба-суудай зарыл болгон курал-жарактардын тизмесин беришкен. Мирбек Койлубаевдин айтымында Баткен окуясында көздөн учкан айрым куралдар эми колго тийди:

- Баткен окуясында тоо койнунда атышууга ылайык куралыбыз жок жаман болгонбуз. Мисалы, согушчандар тээ алыскы зоокага отуруп алып бизди атышат. Бизде болсо андай курал жок. Мына эми «Печенег», «Каштан», «Абакан» деген жаңы үлгүдөгү заманбап куралдар келди. 1000-1200 метрге чейин таамай аткан мылтыктар булар. Күнү-түнү душмандын изин даана тапканга алардын оптикалык системасы да жол берет, - дейт Мирбек Койлубаев.

«Рособоронэкспорт» бу жолу баш аягы 2 млн. 273 миң 700 долларга курал-жарактарды, аскердик кышкы жана жайкы кийимдерди, радиобайланыштын түрлөрүн белек кылды.

Министр Эсен Топоевдин айтымында мынча курал- жарак колго тийгенден кийин кыргыз армиясынын аскердик даярдыгынын деңгээли жогорулайт. Генералдын айтымында Орусия берген жардам эң соңку заманбап курал-жарактын үлгүлөрү.

- Бул курал-жарактар 21-кылымдын куралдары. Дүйнөдө буларга тең келчү куралдар аз. Орусия тарап бизге эң мыкты акыркы үлгүдөгү куралдарды берди,-дейт Эсен Топоев.

Ушул күнү «Рособронэксопрттун» Кыргызстанда былтыр ачылган филилалын кыргыз бийлигине ырасмий түрдө тааныштуруу аземи да болду. «Рособороэксопрттун» жетекчисинини орун басары Анатолий Исайкиндин айтымында бул ишкана бул жерде да өз мүдөөлөрүн аткарат. Келечекте кыргыз ишканаларын бул өндүрүшкө тартуу жагы да каралууда. Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагин сөз сүйлөп, орус кыргыз мамилесинде жаңы заман башталганын белгиледи. Анын айтымында мурда жалаң кагаз жүзүндө келген мамилелер эми турмушка ашып, иш жүзүндө көрүнө баштады.

Премьер-министр Николай Танаев Баткен окуясы Орусия менен болгон карым-катнаштын жаңы барагын ачканын айтты. Орусия Баткен окуясы убагында 1 миллион долларга чукул аскердик жардам көрсөткөн. Өкмөт башчы Орусия Орто Азия аймагында стабилдүүлүктү сактоодо чоң рол ойноп атканын баса белгиледи.

Коргоо минитслигинин МИ-8 МТВ вертолету учурда орус заводунда оңдолууда. Ал эми жаңы канат байлаган вертолет Кыргызстанга июндун соңунда кайтып келмекчи. Аны оңдогонго орус тарап өз чөнтөгүнөн 726 миң 300 доллар коротту.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG