Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

САЛТТУУ МУЗЫКАГА АРНАЛГАН ЭЛАРАЛЫК ЖЫЙЫН АЯКТАДЫ


Мурда маалымдагандай, ордо калаа Бишкекте "Сорос-Кыргызстан", Борбордук Азия өнөр академиясынын, "Белая Роза" үн жазуу студиясынын, Кыргыз улуттук консерваториясынын демилгеси менен уюштурулган "Салттуу музыка: тарыхы, сактоо жана өнүктүрүү маселелери" аттуу эки күнгө созулган эларалык илимий семинар өз ишин аяктады.

Семинарга Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Азербайжандан, Түркиядан музыка изилдөөчүлөр, окумуштуулар келишти. Алар бүгүнкү күндөгү салттуу музыканын изилдениши, абалы, окуу жайларда окутулушу, калк арасынан жыйналышы, жазып алуу, басылмалардан басып чыгаруу, нотага түшүрүү, келечектин муундарына жеткирүү жана башка көйгөйлүү маселелери жөнүндө баяндамаларды жасашты. Ойлорун, пикирлерин, сунуштарын ортого салышты.

Эларалык семинарда баш-аягы 40тан ашык илимий докладдар жасалды. Семинардын жыйынтыгында катышуучулар мындан ары салттуу музыканы түбөлүккө сактап калуу үчүн такай ушундай семинарларды, конференцияларды өткөрүп турууну ар дайым өкмөттүк көзөмөлгө алып турууну өтүнүштү.

Жыйында Казакстандан, Тажикстандан, Азербайжандан келишкен салттуу музыканын аткаруучулары менен кыргыздын элдик музыкасынын жана уйгурлардын таланттуу өкүлдөрүнүн кошмо концерти чыныгы элдик майрамга айланды. Концерт жөнүндө Кргыз эл артисти, залкар дирижер Асанкан Жумакматов мындай дейт:

- Сен өзүң билесиң, мен Карамолдо, Атай, Мусалар менен бирге иштешкем. Ошондуктан концертти угуп отуруп аябай сыймыктанып, сүйүнүп отурдум. Бизде элдин арасында кыргыздын элдик музыкасынын кооз үлгүлөрүн өчүрбөй алып жүргөн мыкты комузчуларыбыз, ырчыларыбыз бар экен. Карамолдонун "Сынган бугусун" Уралиев Намазбек укмуштай чеберчиликте аткарды. Ошондой эле Кочкордон келген Зайнидин Иманалиевдин Токтогулдун "Чайкамасын", кыл кыякта Акыл Серкебаев Сайид Бекмуратовдун "Жеңиш жоргосун" өтө бийик деңгээлде аткарды. Уйгурлардын ансамбли жана Азербайжандан келген музыкант мага абдан жакты, - дейт маэстро Асанкан Жумакматов.
XS
SM
MD
LG