Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Жорж Сорос президент А.Акаев келээрки президенттик шайлоого катышпайт деп эсептейт


БИШКЕК. Бүгүн Ачык коом инстититунун түзүүчүсү Жорж Сорос маалымат жыйынында Кыргызстандын президенти Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катышпайт жана бул - бийлигин сактап калууга умтулган Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн жетекчилерине жакшы үлгү болот деген пикирин билдирди. Анын айтымында, келээрки президенттик шайлоо Кыргызстандын мыйзамдарынын жана эларалык талаптардын негизинде өткөнү жакшы.

Жорж Соростун сөзү боюнча, ал кечээ президент Аскар Акаев менен жолугушууда 2005-жылы боло турган президенттик шайлоо, массалык маалымат каражаттарынын абалы жана Борбор Азиядагы Америка университетиндеги чатак тууралуу пикир алышкан. Президент Акаев «Пирамида» телеканалы көрсөтүүлөрүн техникалык себептерден улам метрдик каналдан көрсөтпөй калды деп түшүндүргөн. Ал эми «Борбор Азиядагы Америка университетин жетектөөчү адис азыр изделип жатат жана окуу жайды калыптандырууга дагы жарым миллион доллар бөлүнөт», - деп кабарлады Жорж Сорос.

XS
SM
MD
LG