АКШ Мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтондун билдиргенине караганда, эгер Иран өзүнүн өзөктүк программалары боюнча жалганчылыкты уланта бере турган болсо эларалык коомчулук ушундай кадамга барышы керек. Кечээ БУУда, өзөктүк куралдарды жайылтпоо маселесине арналган конференцияда сүйлөгөн учурунда Болтон буларды белгиледи:
- Иран өзөктүк кубат боюнча чакан программасын колдоо үчүн кымбатка турган өзөктүк жабдууларды орнотуусун экономикалык жактан актагыдай жүйөө жок. Ирандын өзөктүк кубат программасынын баштапкы максаты өзөктүк куралдарды өнүктүрүү үчүн керектелүүчү технологияларды импортоодо калканыч катары кызмат кылуу экени анык.
Атомдук кубат боюнча эларалык мекеме - МАГАТЭ уюму өткөн айда Иран өзөктүк курал программасына байланышкан айрым маанилүү маалыматтарды жашырганын билдирген эле. АКШ Мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтондун айтымында, эгер Иран МАГАТЭнин талаптар аткарбоону уланта берсе маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинин кароосуна берүү зарыл.