Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Будалыктыктарга жардам берилүүдө


ОШ. Жер көчкү кыйроосуна кабылган Будалык кыштагынын тургундарына гуманитардык жардамдар келүүдө. Будалыктагы штабдан 28-апрель күнү алынган маалымат боюнча буга чейин акчалай түрдө президент 500 миң сом, Жалалабад облусу 100 миң сом, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны 30 миң сом, Алай районунун Жошолу айыл өкмөтү 6 миң сом, депутаттар Эркебаев 10 миң сом, Исаков 5 миң сом берди. Ош шаардык мэриясы 70 кап ун жеткирди. Ири жардамды өз милдетине ылайык мамлекеттик материалдык резерв комиссиясы көрсөттү. Аталган мекеме будалыктарга 111 кап биринчи сорт ун, 111 кап экинчи сорт ун, 2 тонна кант, 15 комплект боз үй, 4 чатыр, андан сырткары фляга, примус, чай, тушенка алып барып тапшырды. Ал эми Каракулжа районунун жардамы жолдо келаткандыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG