Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:13

Ирандын юстиция бийлиги айыпкерлерди кыйноого каршы


Ирандын Конституциясы кыйноону колдонууга тыйуу салат, бирок мындай чарага - атайы тыйуу салган мыйзамга динаятчы консерваторлор бөгөт болуп келатышат.

Юстиция тармагынын жетекчиси Аятолла Мохмуд Хашеми Шахроди бүгүн тартип коргоо, юстиция жана чалгын органдарына кат жолдоп, айыпкерлерди кыйноого тыйуу салынганын жана кыйноо жолу менен алынган маалыматтар мыйзамсыз экендигин эскертти. Билдирүүдө ошондой эле "камакка алууда жана суракта кармалгандардын көзүн таңып, кыймыл-аракетин чектеп, ызалоого жол берилбеши керек" деп айтылат. Шахроуди ошондой эле кармалгандардын адвокаттын кызматынан пайдаланууга укуктуу деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG