Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

КЫРГЫЗСТАНДА МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ОРУНДАР АКЧАГА САТЫЛАТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстанда мамлекеттик кызмат орундары акчага сатылаары буга чейин эле маалымат каражаттарында жазылып келген. «Азаттыктан» мурда кабарлангандай, жакында бул маселе Жогорку Кеңештин трибунасы аркылуу дагы бир жолу коомчулукка ачык айтылды. Ал жыйынга катышкан президенттик администрациянын башчысы Тойчубек Касымов менен өкмөт башчы Николай Танаев депутаттардын аткаруу бийлигине айткан сын-пикирлерине эч кандай жооп беришкен жок.

Коррупциянын өнүгүш деңгээли боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү 133 өлкөнүн ичинде 118 орунда, ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы катарда турат. Бул тууралуу жакында «Transparency international» уюмунун жылдык докладында жарыяланды. Аталган эл аралык уюмдун иликтөөсү боюнча, Кыргызстанда коррупция өзгөчө, мамлекеттик органдарда укмуш тамырлаган. Ал эми коррупциянын мамлекеттик органдарда гүлдөп өнүгүшүнүн башкы себеби катары коррупцияга байланыштуу айыпталган бийлик өкүлдөрү катуу жазаланбаганы менен түшүндүрүлгөн.

Буга чейин Кыргызстанда мамлекеттик кызмат орундары сатыла тургандыгы расмий, бейрасмий түрдө айтылып келсе да, жакында бул маселе бир катар жогорку бийлик өкүлдөрүнүн көзүнчө Мыйзам чыгаруу жыйынынын трибунасында дагы бир жолу көтөрүлдү.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча комитетинин башчысы Алымбай Султанов соңку жылдарда Ички иштер министрлигинде паракорлук, коррупция өтө күч алганын белгилеп, милиция кызматынын орду канчага сатылаарын айтты:

- Катардагы милиция кызматкери болуп жумушка кириш үчүн жүз доллардан беш жүз долларга чейин беришет. Ал эми базарга жакын жердеги милиция кызматкерлигине үч жүз доллардан беш жүз долларга чейин берсе - ишке алынат. Анткени ал жерде май талкан көбүрөөк. Ал эми катардагы автоинспекциясынын кызматкери жумушка кириш үчүн миң доллардан үч миң долларга чейин берет. Антпесе жумушка кире албайт.

Жыйында мындан башка да корруцияга, паракорлукка байланышкан фактылар айтылды. Депутаттардын мындай сынына жыйынга катышкан президенттик админстрациянын башчысы Тойчубек Касымов жана Адилет башкаруу, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн улуттук кеңештин төрагасы, премьер-министр Николай Танаев эч бир жооп айтышкан жок.
Мына ошондон улам депутат Адахан Мадумаров өкмөт башчынын дарегине мындай деген сөз айтты:

- Ушунча сөз айтылгандан кийин залда отурган аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн, өкмөт башчынын жок дегенде бир-эки ооз жообу жокпу? Жүрөгүнөн күйүп отурса алар бул жерде не деген ачуу сөздөр айтылды, ошого жооп берет эле да. Бул дагы бир жолу, өлкөдө болуп жаткан башаламандык өкмөт башчыга баары бир экендигин далилдейт. Николай Тимофеевич, сиздин ордуңузда башка адам болсо, мына ушундай фактылар айтылганда жалындап күйүп кетет эле. А сиз болсо беймарал отурасыз. Муну кандай түшүнсө болот?

Мындан бир нече жыл илгери мамлекет башчы Аскар Акаев өлкөдө коррупция Акүйдүн жетинчи кабатына жеткенин айтса, мурдагы өкмөт башчы, маркум Жумабек Ибраимов жогорку бийлик кызматтары бир нече миң долларга сатылаарын маалымдаган.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаровдун пикиринде, эгемендүүлүк жылдары кадр саясаты Кыргызстанда ири бизнеске айланды:

- Кыргызстанда эң орошондуу чоң бизнес - бул кадр саясаты болуп калды. Бирөөнү кызматка көтөрүү, кайра кызматтан алуу көп акча турат. Бул үй-бүлөлүк бизнес. Муну маркум Жумабек Ибраимов убагында бир ишкана жетекчилигине кызматка коюш үчүн ак үйгө 50 миң доллар алып келет экен деп айткан. Бул - Мадумаровдун сөзү эмес, бул - ошол кездеги өкмөт башчынын сөзү. Бул - ошол кездеги баа. Андан бери анын баасы он эсе кымбаттады. Аны ким алып жаткандыгы коомчулукка айдан ачык маалым.

Ал эми учурда Венада жүргөн укук коргоочу Рамазан Дырылдаевдин пикиринде, Башмыйзамга ылайык Кыргызстанда эң жогорку бийлик бир адамдын, тагыраак айтканда, мамлекет башчынын колуна топтолгон:

- Мен муну Варшавада, Венадагы чогулуштарда айтып жүрөм. Себеби Аскар Акаев соңку жылдары кыргыз элинин атынан дүйнөлүк донор уюмдардан 2 миллиард доллардан ашуун карыз алды. Мындай акчанын кыргыз элине пайдасы тийдиби? Тийген жок.

Ал эми мамлекет башчынын дарегине айтылган жогорудагыдай сын-пикир менен президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев макул эмес экендигин «Азаттыкка» билдирген:

- Бул жерде бир нерсени айтып кетейин. Сыртта жүрүп, өзүнүн Ата-журтун саткан адамдарга баа бериштин кереги жок. Көп учурларда бул бизнеске айланып калды. Көп учурда алар өзүнө жана үй-бүлөсүнө шарт түзүп алып, бул жерде болгон аракеттерге сын айтканы туура эмес. Бул - жакшы бизнеске айланды.

XS
SM
MD
LG