БАТКЕН. Баткен облусунда сел, көчкү жүрүшү мүмкүн делген аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү коопсуз жайларга көчүрүү иштери жүрүүдө. Облустук жарандык коргонуу штабынан 29-апрелде алынган маалыматка караганда, жалпысынан мындай кооптуу аймактарда 147 үй-бүлө жашаган болсо, бүгүнкү күнгө дейре алардын 57си коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге, калган үй-бүлөлөргө да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларды башка жерлерге көчүрүү жана жайгаштыруу аракеттери көрүлүүдө. Облус боюнча негизинен сел, көчкү жүрүүсү жана суу ташкыны күтүлгөн 66 аймак бар.